КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 19-июлу № 127 Электрондук башкаруу жөнүндө

Жарыяланган  04/12/2019

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 15-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

  1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы электрондук башкаруу тартибин аныктайт.
  2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, уюмдардын жана жарандардын электрондук формадагы электрондук документтерди жана башка маалыматтарды пайдалануу менен юридикалык маанилүү чечимдерди кабыл алуу жана юридикалык маанилүү аракеттерди көрүү боюнча иши Кыргыз Республикасындагы электрондук башкаруу деп түшүнүлөт.
  3. Ушул Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүү, электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасын пайдалануу, башка жааттарда электрондук башкарууну жүзөгө ашыруу боюнча мамилелерге карата колдонулат.

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылган түшүнүктөр төмөндөгүлөрдү билдирет:

1) маалымат - берүү формасына карабастан маалыматтар (билдирүүлөр, кабарлоолор);

2) маалыматтык технологиялар - маалыматтарды издөөнүн, жыйноонун, сактоонун, колдонуунун, берүүнүн, таратуунун процесстери, ыкмалары;

3) маалыматтык тутум - маалыматтар базаларында камтылган маалыматтын жана аны иштөөнү камсыз кылуучу технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы;

4) маалыматтын ээси - маалыматты өз алдынча түзгөн же болбосо мыйзамдын же келишимдин негизинде белгилүү бир маалыматка жетүүгө уруксат берүү же чек коюу укугун алган жак (жеке жак же юридикалык жак, анын ичинде Кыргыз Республикасы жана муниципалдык түзүлмөлөр);

5) маалыматка жетүү - маалыматты алуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү;

6) маалыматты берүү - маалыматты жактардын белгилүү бир чөйрөсүнүн алуусуна же маалыматты жактардын белгилүү бир чөйрөсүнө берүүгө багытталган аракеттер;

7) маалыматты таратуу - маалыматты жактардын белгисиз бир чөйрөсүнүн алуусуна же маалыматты жактардын белгисиз бир чөйрөсүнө берүүгө багытталган аракеттер;

8) документ - материалдык камтымага түшүрүлгөн, маалыматты же анын материалдык камтымасын аныктоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттери бар, документтештирилген маалымат;

9) электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептегич машиналарды пайдалануу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө берилген документтештирилген маалымат;

10) кагаз документтин электрондук түрү (электрондук түр) - кагаз түрүндөгү документтин сканерленген же фотосүрөткө тартылган, кагаз түрүндөгү сканерленген документтин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизбестен техникалык каражаттардын жардамы менен бир бүтүн электрондук формага айландырылган түрү болуп саналуучу электрондук формадагы маалымат.

Көңүл буруңуздар! 2-берененин 10-пункту 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

3-берене. Кыргыз Республикасындагы электрондук башкаруунун милдеттери

Кыргыз Республикасындагы электрондук башкаруунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жеке жана юридикалык жактардын мамлекет менен натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү, маалыматтык коомду калыптандыруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү;

2) мамлекетти башкаруу системасында жана бизнесте коррупциялык факторлорду четтетүү;

3) заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле бул үчүн зарыл маалыматты пайдалануу менен жарандардын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү тоскоолдуксуз жана өз убагында алуусу үчүн шарттарды түзүү;

4) мамлекеттик башкаруу органдарынын толук кандуу ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

5) Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.

4-берене. Электрондук башкаруунун принциптери

  1. Электрондук башкаруу адамдын жана жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу жана коргоо максатында жүзөгө ашырылат. Электрондук башкарууга өтүү адамдын жана жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу коркунучун жараткан учурларда ага өтүүгө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары жана башка уюмдар электрондук башкаруу каражаттары пайдаланыла баштаганга чейин алардын ишенимдүү жана коопсуз экендигине ынанууга милдеттүү.
  2. Жеке жактар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук же башка түрүн өз ыктыяры боюнча тандап алууга укуктуу. Жеке жактардын укуктарынын мазмуну жана аларды жүзөгө ашыруу жеке жактардын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү кандай формада (электрондук же башка) жүргүзүп жаткандыгына көз каранды болбоого тийиш.
  3. Эгерде маалыматтык технологияларды пайдаланууда ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылса, электрондук башкаруунун катышуучулары кайсы болбосун маалыматтык технологияларды өз ыктыяры боюнча пайдаланууга укуктуу.
  4. Электрондук башкарууда пайдаланылуучу электрондук документтердин форматтары жана электрондук документтерди алышуунун маалыматтык технологиялары мындай электрондук документтерди электрондук башкаруунун бардык кызыкдар катышуучулары тарабынан пайдалануунун мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
  5. Электрондук башкаруу жөнүндө, анын ичинде электрондук формада мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу ыкмалары жөнүндө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына суроо-талаптарды, кайрылууларды же башка билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн ыкмалары жөнүндө маалымат жалпыга жеткиликтүү маалымат болуп саналат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Интернеттеги өз сайттарына мындай маалыматты жарыялоого жана жарандар менен уюмдардын суроо-талаптары боюнча берүүгө милдеттүү.

2-глава. Электрондук башкарууну мамлекеттик жөнгө салуу

5-берене. Электрондук башкарууну мамлекеттик жөнгө салууну уюштуруу

  1. Электрондук башкарууну мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү төмөндөгүлөр координациялайт:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча Кеңеш (мындан ары - Кеңеш), ал Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү координациялоо боюнча жогорку орган болуп саналат;

2) Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия), ал Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде электрондук башкарууга өтүү боюнча ведомстволук долбоорлорду ведомстволор аралык макулдашууну жана координациялоону камсыз кылат, анын ичинде электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана берүү процессинде камсыз кылат.

  1. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү уюштуруучулук-усулдук, маалыматтык-талдоочулук жана техникалык жактан камсыз кылууну электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.
  2. Эгерде ушул Мыйзамда жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган атыларда башкача белгиленбесе, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, башка уюмдар, электрондук башкаруу тартибин өз уюмдарынын алкагында өз алдынча аныкташат.
  3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана жарандар алардын ортосундагы өз ара мамилелерде электрондук башкарууну жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу макулдашууларды түзүүгө укуктуу. Мындай макулдашуулардын шарттары макулдашуунун бардык тараптары үчүн милдеттүү болуп саналат.

6-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктары

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электрондук башкаруу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүү программаларын жана пландарын карайт жана бекитет жана алардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

2) Кеңештин, Комиссиянын жана ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары менен катар аларды түзүүнүн тартиби да камтылуучу ушул органдар жөнүндө жоболорду бекитет, көрсөтүлгөн органдарды түзүүнү камсыз кылат жана алардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;

3) Кеңештин персоналдык курамын бекитет, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт (Кеңештин сунушу боюнча);

4) порталга маалыматты жайгаштыруу, актуалдаштыруу жана алуу эрежелерин кошуп алганда, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитет;

5) сурап-билүү маалымат тутумуна карата талаптарды кошуп алганда, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна карата талаптарды, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулуунун тартибин жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумунун жана ага кошулуучу маалыматтык тутумдардын маалыматтар форматтарына жана маалыматтарды алмашуу интерфейстерине карата талаптарды бекитет;

6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтериндеги, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулар болуп саналуучу электрондук документтердеги реквизиттерге жана маалыматты берүү формасына (форматына) карата талаптарды бекитет;

7) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда жөнөкөй электрондук колтамгаларды пайдалануунун эрежелерин, анын ичинде жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүүнүн жана берүүнүн эрежелерин кошуп алганда, идентификациялоонун бирдиктүү тутуму тууралуу жобону, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатында жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүүгө жана берүүгө укугу бар органдардын жана уюмдардын тизмегин бекитет;

8) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдалануучу, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу үчүн электрондук колтамгалардын түрлөрүн аныктайт;

9) мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, иштетүү, иштетүүдөн чыгаруу тартибине карата талаптарды, ошондой эле алардын маалыматтар базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитет;

10) маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды, анын ичинде алардын корголгондугу жана туруктуулугу боюнча талаптарды, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлорун жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарын электрондук башкаруу боюнча мамлекеттик инфратүзүмдүн курамына киргизүүнүн тартибин бекитет;

11) электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону жана бул тутумду колдонуунун эрежелерин бекитет;

12) тутумга кошулуу эрежелерин кошуп алганда, электрондук төлөмдөр боюнча мамлекеттик тутум тууралуу жобону бекитет;

13) жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын сактоону камсыз кылууга багытталган чаралардын тизмегин жана ушул Мыйзамга ылайык маалыматты коргоо чараларын, анын ичинде базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарда бар купуя маалыматка жетүүнү чектөө боюнча чараларды кошуп алганда, базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарын түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибине карата талаптарды бекитет;

14) базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрин түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибин бекитет;

15) электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүүнүн эрежелерин, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүүнүн жана реестрден чыгаруунун эрежелерин белгилейт.

7-берене. Кеңеш

  1. Электрондук башкаруу жаатында Кыргыз Республикасынын саясатын иштеп чыгуу жана талкуулоо Кеңештин ишинин максаты болуп саналат. Кеңештин өз ыйгарым укуктарын чектеринде кабыл алган чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен бекитилет жана бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, уюмдар жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
  2. Кеңештин ыйгарым укуктары:

1) электрондук башкарууга өтүү маселелери боюнча, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүгө карата сунуштарды кароо;

2) Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнүн программаларын жана пландарын даярдоо жана талкуулоо;

3) электрондук башкаруу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына киргизилген укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдардын долбоорлорун макулдашуу;

4) ушул Мыйзамдын, электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларынын аткарылышына мониторинг;

5) Комиссиянын жана ыйгарым укуктуу органдын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө;

6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн стандарттарынын жана административдик регламенттеринин долбоорлорун макулдашуу.

  1. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга жөнөтүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин Кенештин жыйынына өздүк катышуусун талап кылууга укуктуу. Кеңештин электрондук башкаруу маселелерине арналган суроо-талаптарын жана талаптарын Кыргыз Республикасынын бардык органдары жана уюмдары аткарууга милдеттүү. Кеңештин жооптуу катчысы болуп ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси саналат.
  2. Кеңеш ар жыл сайын, Кеңештин сунушу боюнча электрондук башкаруу жаатында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар жана аталган актылардын аткарылышына мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүгө сарптоолор тууралуу маалыматтарды кошуп алганда, өткөн жылдагы электрондук башкарууга өтүү боюнча пландардын жана программалардын ишке ашырылышы тууралуу отчетту Интернеттеги өз сайтында жарыялап турат.

8-берене. Комиссия

  1. Комиссия Кеңештин туруктуу иштөөчү жумушчу органы болуп саналат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалар менен мекемелердин мамлекеттик башкарууга өтүү процессиндеги, анын ичинде, электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу жана көрсөтүү процессиндеги иштерин күндөлүк координациялоо Комиссиянын максаты болуп саналат.
  2. Комиссияны анын төрагасы жетектейт, ал Комиссиянын ишин уюштурат жана жыйналыштарын өткөрөт, Кеңеште жана башка мамлекеттик органдарда Комиссиянын атынан чыгат. Комиссиянын төрагасы Комиссияга укуктук актылар, анын ичинде Кеңештин чечимдери менен жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жекече жоопкерчилик тартат. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Комиссиянын жооптуу катчысы болуп саналат.
  3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) жетекчилердин буйруктары менен ыйгарым укуктар берилген, электрондук башкарууга өтүү боюнча ички пландарды даярдоого жана ишке ашырууга жооптуу болгон, министрлердин, бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттин административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген административдик ведомстволордун, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин орун басарлары.

2) маалыматтык технологиялар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү жооптуу кызматкерлер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун электрондук башкарууга өтүүнүн техникалык тарабына жооптуу кызмат адамдары.

  1. Комиссиянын иши Комиссиянын жыйналыштары жана Комиссиянын жумушчу топторунун жыйналыштары түрүндө уюштурулат. Комиссия мүчөлөрү анын жыйналыштарына жана өздөрү кирген жумушчу топтордун жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

Комиссиянын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана Комиссиянын бардык мүчөлөрү аткарууга милдеттүү. Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын чечимдеринин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.

  1. Комиссия өз ыйгарым укуктарынын алкагында:

1) коллегиялуулуктун жана кабыл алынып жаткан чечимдердин өз ара алгылыктуулугунун негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын позицияларын жана пландарын ведомстволор аралык макулдашууну жүзөгө ашырат;

2) электрондук башкарууга өтүүнүн бекитилген программаларын жана пландарын ишке ашыруу, Кеңештин чечимдерин жана электрондук башкаруу жаатындагы башка укуктук актыларды аткаруу үчүн зарыл болгон эң мыкты уюштуруучулук-техникалык чечимдерди издөөнү жана макулдашууну камсыз кылат;

3) электрондук башкаруунун бирдиктүү инфратүзүмүнүн алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн стандарттарын иштеп чыгат жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат;

4) электрондук башкарууга өтүүнүн бекитилген программаларын жана пландарын ишке ашыруунун, Кеңештин чечимдерин жана электрондук башкаруу жаатындагы башка укуктук актыларды аткаруунун ведомстволук ички пландарын ("жол карталарын") макулдашат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

5) электрондук башкаруу жаатындагы терминдердин бирдиктүү глоссарийин алып барат, глоссарийге киргизүү үчүн терминдердин аныктамаларын макулдашат;

6) эл аралык жана улуттук бар тажрыйбаны эске алуу менен, электрондук башкаруу жаатындагы нормативдик-техникалык документтерди жана сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгат жана жарыялайт;

7) зарылдыкка жараша өз ишине, жумушчу топтордун ишине тийиштүү адистерди жана эл аралык эксперттерди тартат.

  1. Комиссиянын төрагасы Кеңештин ар бир жыйналышында Кеңешке Комиссиянын иши жөнүндө отчет берет. Комиссиянын иши тууралуу отчеттор Комиссиянын Интернеттеги сайтына жарыяланууга жатат.

9-берене. Ыйгарым укуктуу орган

  1. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү уюштуруучулук-усулдук, маалыматтык-талдоочулук жана техникалык жактан камсыз кылуу ыйгарым укуктуу органдын ишинин максаты болуп саналат.
  2. Иштин коюлган максаттарынын алкагында ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) Кеңештин жана Комиссиянын ишин камсыз кылуу, анын ичинде Кеңештин жана Комиссиянын катчылыгынын функцияларын аткаруу;

2) электрондук башкарууга өтүүдө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн регламенттерин, стандарттарын, жол-жоболорун алар тарабынан иштеп чыгууда жана макулдашууда, заманбап маалыматтык технологиялардын негизинде ачык жана отчеттуу башкаруунун инструменттерин, ачык маалыматтардын моделдерин пайдалануунун механизмдерин түзүүдө, ачыктык жана отчеттуулук жаатындагы демилгелерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоонун методикаларын иштеп чыгууда, ачык маалыматтардын порталдарын түзүүдө көмөктөшүү;

3) мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ишканалар, мекемелер үчүн маалыматтык системаларды жана технологияларды сатып алууга (модернизациялоого) багытталган техникалык-экономикалык негиздемелерге, техникалык спецификацияларга, техникалык тапшырмаларга карата талаптарды иштеп чыгуу;

4) электрондук башкаруунун инфратүзүмүн түзүүнү камсыз кылуу;

5) электрондук башкарууну натыйжалуу киргизүү үчүн колдонуудагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн жол-жоболорун, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча максаттуу талдоо жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо;

6) электрондук башкаруунун натыйжалуулугунун, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугунун түйүндүү көрсөткүчтөрүн аныктоо жана аларга мониторинг жүргүзүү;

7) мамлекеттик маалыматтык системалардын жана электрондук башкаруунун маалыматтык ресурстарынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгууга катышуу жана жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;

8) электрондук башкаруу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуунун, алардын квалификациясын жогорулатуунун методикасын иштеп чыгууга катышуу, электрондук башкаруу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлеринин билимдерин жана көндүмдөрүн текшерүүнүн методикасын иштеп чыгууга катышуу;

9) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана уюмдардын суроо-талаптары боюнча электрондук башкаруу, окутуу жаатында эксперттик жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;

10) электрондук башкаруу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышуу.

3-глава. Электрондук башкаруунун негиздери

10-берене. Электрондук башкаруудагы маалымат жана маалыматтык технологиялар

  1. Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу толук, анык жана актуалдуу маалыматтын негизинде жүзөгө ашырылат. Электрондук башкарууну жүзөгө ашырууда маалыматтын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылуу ошол маалыматтын ээсине жүктөлөт.
  2. Маалымат жарыялык, жарандык жана башка укуктук мамилелердин объекти боло алат. Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты кошпогондо, маалымат кайсы болбосун адам тарабынан эркин пайдаланылышы, бир адамдан башка бир адамга жиберилиши, ошондой эле бул максаттарга ылайык иштелиши мүмкүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган максаттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилүү бир мазмундагы же белгилүү бир формада калыптандырылган маалыматты чогултууга, жайылтууга жана берүүгө чектөөлөр, ошондой эле айрым маалыматтык технологияларды колдонууга чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

11-берене. Маалымат ээсинин укуктары жана милдеттери

  1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, маалымат ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өз ыктыяры боюнча маалыматка жетүүгө уруксат берүүгө же чек коюуга, маалыматка жетүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоого;

2) маалыматты өз ыктыяры боюнча пайдаланууга, анын ичинде таркатууга;

3) маалыматты башка жактарга келишим боюнча же мыйзамда белгиленген башка негизде берүүгө;

4) маалыматты башка жактар мыйзамсыз алган же мыйзамсыз пайдаланган учурда мыйзамда белгиленген ыктар менен өз укуктарын коргоого;

5) маалыматка байланыштуу башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, же болбосо мындай аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксат берүүгө.

  1. Маалымат ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) башка жактардын маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашырууда аларга көмөктөшүүгө;

2) эгерде мындай милдеттүүлүк мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же тараптардын макулдашуусунда белгиленсе, маалыматка жетүүнү чектөөгө.

  1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, маалымат ээси, маалыматты башка жакка берүүнү жактын мындай маалыматты анын ээсинин үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүүлүгү менен шарттоого укуктуу (маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө талап). Маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө талапты бузган маалымат алуучу мындай бузуу аркылуу маалымат ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, милдеттүү:

1) маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналганда же маалымат алуучу өз милдеттерин бузгандыгынан улам маалымат ушундай болуп калганда;

2) маалымат алуучу маалыматты мурда эле өз алдынча иштегенде же үчүнчү жактардан анын купуялуугун сактоо жөнүндө талап коюлбастан алганда.

12-берене. Жалпыга жеткиликтүү маалымат жана ачык маалыматтар

  1. Эгерде маалыматка жетүү мыйзамга же маалымат ээсинин чечимине ылайык чектелбесе, ал жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
  2. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата өзгөчө укуктар, ошондой эле мыйзамдарда маалыматтын айрым түрлөрүн таркатууга, берүүгө, пайдаланууга же башкача иштетүүгө карата белгиленген чектөөлөр сакталган шартта, жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды кайсы болбосун жактар пайдалана алат.
  3. Маалымат ээси тарабынан жалпыга жеткиликтүү кылынган маалыматты андан ары таратууну маалымат ээси өзүн мындай маалыматтын булагы катары көрсөтүүгө милдеттүүлүк менен шарттоого укуктуу.
  4. Маалыматты кайталап пайдалануу максатында адам тарабынан аны алдын ала өзгөртүүсүз автоматташтырылган иштеп чыгууга жол берүүчү форматтагы маалымат, анын ичинде Интернет аркылуу таралган маалымат ачык маалымат болуп саналат.

13-берене. Купуя маалымат

  1. Мыйзамга же маалымат ээсинин чечимине ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат купуя маалымат деп таанылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында маалыматтын жеткиликтүүлүгү улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана ыйман-адебин, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында гана чектелет. Киргизилген чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
  2. Купуя маалыматтарга төмөнкүдөй маалыматтар кирет:

1) адамдын жеке жашоосу жөнүндө;

2) кат жазышуунун, телефондук же башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн мазмуну жөнүндө;

3) коммерциялык сырды камтуучу;

4) алдын ала тергөөнүн материалдары жөнүндө, процесстик мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектеле турган башка маалыматтар;

5) салыктык, банктык, медициналык, адвокаттык, журналисттик сырларды, бала багып алуу сырын жана камсыздандыруу сырын, башка кесиптик сырларды түзүүчү;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар.

  1. Мамлекеттик сырларга таандык маалыматка жетүүнү чектөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
  2. Мыйзамга же маалымат ээсинин чечимине ылайык белгиленген маалымат жеткиликтүүлүгүнө чектөөлөрдү бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
  3. Төмөнкүлөрдүн жеткиликтүүлүгү чектелиши мүмкүн эмес:

1) адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин козгоочу, ошондой эле уюмдардын укуктук абалын жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын;

2) жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү табигый кырсыктар, кыйроолор жана чукул кырдаалдар жөнүндө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу коркунучун, алардын жеке коопсуздугуна коркунучту түзүүчү жагдайлар жөнүндө маалыматтын;

3) айлана-чөйрөнүн ал-абалы жөнүндө маалыматтын;

4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө (мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматтарды кошпогондо) маалыматтын;

5) мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзам бузуулары жөнүндө маалыматтын;

6) китепканалардын, музейлердин жана архивдердин ачык фонддорундагы маалыматтын.

14-берене. Маалыматты таратуу жана маалыматты берүү

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталганда Кыргыз Республикасында маалыматты таратуу эркин жүзөгө ашырылат.
  2. Таратылып жаткан маалымат өзүндө анын ээси тууралуу же маалыматты таратуучу башка жак тууралуу, мындай жакты идентификациялоого жетиштүү формадагы жана көлөмдөгү анык маалыматтарды камтууга тийиш. Маалыматты Интернет аркылуу таратууда маалыматты таратуучу аны менен же маалымат ээси менен электрондук почта же башка ушундай каражат аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.
  3. Маалымат алуучуларды аныктоого мүмкүндүк берген каражаттарды маалыматты таратуу үчүн пайдаланууда маалымат таратуучу маалымат алуучуга мындай маалыматтан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
  4. Маалымат берүү ченемдик укуктук актыда же маалымат алышууга катышуучу адамдардын ортосундагы макулдашууда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
  5. Маалыматтарды милдеттүү түрдө таратуу же берүү, анын ичинде, документтердин милдеттүү нускаларын берүү учурлары жана шарттары мыйзамда белгиленет.
  6. Согушту пропагандалоого, улуттук, расалык же диний жек көрүүнү жана кастыкты тутантууга багытталган маалыматты, ошондой эле тараткандык үчүн жазыктык же административдик жоопкерчилик каралган башка маалыматты таратууга тыюу салынат.

15-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекет жана муниципалдык түзүлмөлөр катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден финансылануучу уюмдардын карамагында турган маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү

  1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттин жана муниципалдык түзүлмөлөрдүн катышуусу бар юридикалык жактар, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден финансылануучу юридикалык жактар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, өздөрүнүн иши тууралуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, анын ичинде Интернет аркылуу да камсыз кылууга милдеттүү. Мындай маалыматтын жеткиликтүү болушун каалаган адам маалыматты алуу зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес.
  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекет жана муниципалдык түзүлмөлөр катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден финансылануучу уюмдардын карамагында турган маалыматтар, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, акысыз берилет.

16-берене. Электрондук документтер

  1. Электрондук башкарууда электрондук документтерди алышуу электрондук башкаруунун электрондук документтерди жөнөткөн жана алган катышуучуларын так аныктоого мүмкүндүк берүүчү байланыш каналдарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
  2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтериндеги, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу болуп саналуучу электрондук документтердеги реквизиттерге жана маалыматты берүү формасына (форматына) карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
  3. Электрондук башкарууда электрондук колтамганы пайдалануу "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
  4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдалануучу, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулар үчүн пайдаланылуучу электрондук колтамгалардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
  5. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда жөнөкөй электрондук колтамгаларды пайдалануунун эрежелери, анын ичинде жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүү жана берүү эрежелери, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатындагы жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүүгө жана берүүгө укуктуу органдардын жана уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Мындай эрежелерде төмөндөгүлөр каралууга тийиш:

1) жөнөкөй электрондук колтамгалар жана (же) аларды түзүү технологиясы туура келүүгө тийиш болгон талаптар;

2) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатындагы жөнөкөй электрондук колтамганын ачкычын адамга берүүдө анын керт башын аныктоонун ыкмалары.

  1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөндөгүлөр камсыз кылынышы керек:

1) бул органдарга кайрылуу үчүн кайсы болбосун адамдардын жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычын акысыз алууга мүмкүнчүлүгү;

2) жөнөкөй электрондук колтамгаларды пайдалануу менен мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу үчүн атайын арналган программалык жана аппараттык каражаттарды жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусунун зарылдыгы жоктугу.

  1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электрондук формада кайрылууга мыйзамдарда же башка ченемдик укуктук актыларда тыюу салынган учурларды кошпогондо, жөнөкөй электрондук колтамга коюлган жана арыз берүүчү ушул берененин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жөнөткөн кайрылуулар жана ага тиркелген документтер адам өзү кол койгон жана кагаз түрүндө берилген кайрылуу же башка документтер менен бирдей деп деп таанылат.

17-берене. Маалыматтык тутумдар

  1. Техникалык каражаттарды сатып алуу, маалыматтык технологияларды сатып алуу же иштеп чыгуу, маалыматтар базаларын түзүү жана алып баруу аркылуу маалымат тутумун түзүүнү жана иштетүүнү уюштурган жак маалыматтык тутумдун ээси деп таанылат.
  2. Маалыматтык тутумдар алардын ээси ким экендигине жараша, мамлекеттик, муниципалдык же башка маалымат тутуму деп айырмаланат. Кыргыз Республикасына жана муниципалдык түзүлмөлөргө таандык маалыматтык тутумдардын ээлеринин ыйгарым укуктары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, алардын ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырылат.
  3. Маалыматтык тутумду түзүү жана иштетүү тартиби, анын ичинде маалыматтарды маалыматтык тутумда коргоо боюнча талаптар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, анын ээси тарабынан аныкталат.
  4. Маалыматтык тутумдун ээси аны иштетүүнү өз алдынча жүзөгө ашыра алат же болбосо бул функцияны башка адамга - маалыматтык тутумдун операторуна жүктөшү мүмкүн. Маалыматтык тутумду иштетүү функциясын башка адамга жүктөбөгөн маалыматтык тутумдун ээси (же болбосо маалыматтык тутумдун ээсинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) ошол маалыматтык тутумдун оператору деп таанылат.

4-глава. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү

18-берене. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамы

  1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар тарабынан электрондук башкарууда пайдаланылуучу маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын иретке салынган жыйындысы болуп саналат.
  2. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү төмөнкүдөй деңгээлдерде түзүлөт:

1) маалыматтарды иштеп чыгуучу мамлекеттик борборлордон жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарынан түзүлүүчү инфратүзүмдүк деңгээл;

2) электрондук эсептегич машиналар үчүн программалардан жана электрондук башкарууда колдонулуучу маалыматтар базаларынан түзүлүүчү тиркемелер деңгээли;

3) электрондук башкарууда сакталуучу, алынуучу, таратылуучу же башка түрдө иштелүүчү маалыматтан жана электрондук документтерден турган маалыматтар деңгээли;

4) алкагында инфратүзүм, программалык камсыздоо, маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруу, мыйзам менен тыюу салынбаган, электрондук башкаруунун алкагындагы башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу сервистер деңгээли.

  1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына төмөндөгүлөр кирет:

1) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;

2) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму;

3) идентификациянын бирдиктүү тутуму;

4) маалыматтарды иштеп чыгуу жана алардын байланыш каналдарын бириктирүүчү мамлекеттик борборлор;

5) электрондук кабарлардын мамлекеттик тутуму;

6) электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму;

7) базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар;

8) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү ачык маалыматтар инфратүзүмү;

9) геодезия жана картография жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мейкиндиктик маалыматтар жана даректик регистр инфратүзүмү;

10) башка мамлекеттик маалыматтык тутумдар.

  1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык тутумдарды, маалыматтарды иштөө борборлорун, башка элементтерди киргизүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ишке киргизилген элементтерге карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде;

2) ушул Мыйзамга ылайык ишке киргизилген элементтерге карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде.

  1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри базалык мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп саналат.
  2. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүн түзүү, өнүктүрүү жана иштетүү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

19-берене. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар

  1. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана бул органдардын ортосунда маалымат алышууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле мыйзамдарда көрсөтүлгөн башка максаттарда түзүлөт.
  2. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик маалыматтык тутумдарга карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптар муниципалдык маалыматтык тутумдарга да таркалат.
  3. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен түзүлөт жана иштетилет.
  4. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар жеке жактар, уюмдар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалыматтардын негизинде түзүлөт жана иштетилет. Мамлекеттик маалыматтык тутумдарга милдеттүү түрдө маалымат берүү учурлары мыйзамда белгиленет.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик маалыматтык тутумдарды түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, иштетүү, иштетүүдөн чыгаруу тартибине карата талаптарды, ошондой эле алардын маалыматтар базасында камтылган маалыматтарды коргоого карата талаптарды бекитет.
  6. Мамлекеттик маалыматтык тутумдарды алардын интеллектуалдык менчик объекттери болуп саналган компоненттерин пайдаланууга укуктарды талаптагыдай жол-жоболобостон иштетүүгө тыюу салынат.

20-берене. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар

  1. Электрондук башкарууда актуалдуу, так жана толук маалыматтарды пайдалануу; маалыматты бир жолу чогултуу жана көп жолу пайдалануу максаттарында Кыргыз Республикасында базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар түзүлөт жана пайдаланылат.
  2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарында бар маалыматтарды башка жактардан мамлекеттик базалык маалыматтык ресурстарда камтылган маалыматтарды актуалдаштыруу максатында гана суроого укуктуу.
  3. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга төмөндөгүлөр кирет:

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери;

2) электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри;

3) калктын мамлекеттик реестри;

4) кыймылсыз мүлккө укуктардын реестри;

5) транспорттун реестри;

6) юридикалык жактардын реестри;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына ылайык базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга киргизилген башка мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана реестрлер.

  1. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Көрсөтүлгөн талаптар жекече маалыматтардын субъекттеринин укуктарын сактоону камсыз кылууга багытталган чаралардын тизмегин жана ушул Мыйзамга ылайык маалымат коргоо чараларын, анын ичинде, базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарда камтылган купуя маалыматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды камтууга тийиш. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар тууралуу маалыматтар жана базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарынын маалыматтарына жетүүнүн тартиби тууралуу маалыматтар базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрине киргизилет, аны түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

21-берене. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы

  1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (портал) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу жана Интернетти пайдаланып таратууга арналган, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызматтардын реестрлерине киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга арыз ээлеринин жетүүсүн камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык тутум болуп саналат.
  2. Портал төмөндөгүлөрдү камсыз кылат:

1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринде камтылган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтардын арыз берүүчүлөргө жетимдүү болушун;

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн суроо-талапты жана башка зарыл документтерди электрондук формада көчүрүүнүн жана толтуруунун жетимдүү болушун;

3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө суроо-талапты жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл башка документтерди берүү үчүн арыз берүүчүгө мүмкүндүктү;

4) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө суроо-талапты аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматтарды алуу үчүн арыз берүүчүгө мүмкүндүктү;

5) мыйзамда тыюу салынган учурларды кошпогондо, арыз берүүчүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн натыйжаларын арыз берүүчүнүн алуу мүмкүндүгүн;

6) эгерде мыйзамда башкача каралбаса, көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү арыз берүүчүнүн төлөө мүмкүндүгүн;

Көңүл буруңуздар! 21-берененин 2-бөлүгүнүн 3-6-пункттары 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

  1. Аткарылышы портал менен камсыз кылынуучу башка функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралышы мүмкүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган порталдын оператору болуп саналат.

22-берене. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму

  1. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму электрондук башкарууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын ортосунда маалымат алышууну камсыз калат.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун оператору болуп саналат.
  3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана берүүгө катышуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мындай органдардын жана уюмдардын маалыматтык тутумдарынын ортосунда маалымат алышууну камсыз кылууга милдеттүү.
  4. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык, электрондук башкаруудагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруучулук-технологиялык курууга карата дүйнөлүк мамиле кылуулардын жана Кеңеш менен Комиссиянын чечимдеринин негизинде түзүлөт, өнүктүрүлөт жана иштетилет.
  5. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилүүчү документтердин жана маалыматтардын тизмеги "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн регламенттеринде белгиленет.
  6. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын курамында сурап-билүү маалымат системасы түзүлөт, ал мамлекеттик реестрлерди автоматтык түрдө түзүүгө, актуалдаштырууга жана пайдаланууга, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдө маалыматтык алмашуу объекттерин бир түрдүү берүүнү камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу техникалык мүнөздөгү маалыматты жайгаштырууга, сактоого жана актуалдаштырууга арналат. Бул объекттер жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык ресурстарда камтылат жана мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууда жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүдө пайдаланылат. Бул маалымат системасы маалыматты тутумдаштыруу жана ага код коюу чөйрөсүндөгү маалыматка карата талаптарды эсепке алуу менен иштейт.

23-берене. Идентификациянын бирдиктүү тутуму

  1. Идентификациянын бирдиктүү тутуму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда маалыматтык тутумдарда камтылган маалыматка карата санкцияланган жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
  2. Идентификациянын бирдиктүү тутуму төмөнкүдөй функцияларды аткаруу үчүн пайдаланылат:

1) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тууралуу маалыматтарды идентификациялоо, анын ичинде электрондук колтамгаларды текшерүү ачкычтарынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен, бирдиктүү тутумга киргизилүүчү, маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун идентификаторун же анын маалыматтык тутумунун идентификаторун ушул катышуучу жөнүндө же анын маалыматтык тутуму жөнүндө тийиштүү базалык маалыматтык ресурста сакталып турган маалыматтар менен салыштыруу аркылуу идентификациялоо;

2) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тууралуу маалыматтарды (алардын маалыматтык системалары тууралуу маалыматтарды) аутентификациялоо, анын ичинде электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен, аларга киргизилген идентификатордун маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучусуна же анын маалыматтык системасына таандыктыгын текшерүү, ошондой эле идентификатордун аныктыгын тастыктоо аркылуу аутентентификациялоо;

3) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын алар жеткиликтүүлүгүн сураган маалыматтык тутумдарга карата ыйгарым укуктары тууралуу маалыматтарды алып баруу жана берүү жагында алардын автордугун тастыктоо;

4) идентификациядан жана аутентификациядан өткөн маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын, органдардын жана уюмдардын, ошондой эле алардын бирдиктүү системанын регистрлериндеги, анын ичинде электрондук колтамгаларды текшерүү ачкычтарынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен түзүлгөн регистрлериндеги идентификаторлорунун тизмегин түзүү;

5) идентификациялык маалыматтардын аныктыгын текшерүү;

6) идентификациялык маалыматтарды ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен маалыматтык тутумдарга берүү;

7) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кайрылган адамдарды идентификациянын бирдиктүү тутумунда каттоо үчүн активациялоо кодун жана жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычын даярдоо (генерациялоо).

  1. Башкы ырастоочу борбордун маалыматтык тутуму, "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бирдиктүү идентификация тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган идентификациянын бирдиктүү тутумунун оператору болуп саналат.

24-берене. Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлору

  1. Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлору жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары мамлекеттик маалыматтык тутумдарды жайгаштырууга жана иштетүүгө арналган.
  2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен курулган, ижара, кызматтарды көрсөтүү келишимдеринин негизинде, башка келишимдик негизде пайдаланылган маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамында пайдаланылышы мүмкүн.
  3. Туруктуулукка жана корголуучулукка карата талаптарды кошуп алганда, маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды, ошондой эле маалыматтарды иштөө борборлорун жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарын электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

25-берене. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму

  1. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму жарандардын жана уюмдардын расмий билдирүүлөрүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүүнүн жана жарандардын жана уюмдардын мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана кызмат адамдарынан электрондук документ түрүндөгү расмий билдирүүлөрүн алуусунун мүмкүндүгүн камсыз кылат.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутумунун оператору болуп саналат.
  3. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, ведомстволор аралык өз ара электрондук аракеттенүү тутуму жана идентификациянын бирдиктүү тутуму менен өз ара аракеттенип иштейт.
  4. Жарандар жана уюмдар электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутумуна жетүүнү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу, ошондой эле кыймылдуу радиотелефондук байланыштын жардамы менен, анын ичинде кыска билдирмелерди (SMS) жөнөтүү жана алуу жолу менен менен жүзөгө ашырат.
  5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутумуна жеткиликтүүлүктү ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу жүзөгө ашырат. Эгерде мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулбаса, электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутумуна кошулуу Интернет боюнча, ушул органдын электрондук кабинети аркылуу жүзөгө ашырылат.

Көңүл буруңуздар! 25-берененин жоболору 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

26-берене. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму

  1. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин пайдасына башка төлөмдөрдү жүргүзгөндүгү тууралуу маалымат алышууга арналган.
  2. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутумун алып баруу, өнүктүрүү жана тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
  3. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жободо төмөнкүлөр аныкталат:

1) төлөнүүгө жатуучу сумманы, мындай маалыматты алуу жана берүү тартибин кошуп алганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле башка төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтардын тизмеги;

2) төлөнүүгө жатуучу сумманы, мындай маалыматты алуу жана берүү тартибин кошуп алганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле башка төлөмдөрдүн жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу маалыматтардын тизмеги;

3) электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутумуна жетүүнүн тартиби.

  1. Арыз берүүчү акча каражаттарын төлөөнү жүргүзгөн банк, башка кредиттик уюм, башка органдар же уюмдар төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалыматты электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутумуна токтоосуз жиберүүгө милдеттүү.
  2. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн арыз берүүчү тарабынан төлөнүүгө жатуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда башка төлөмдөрдүн суммасын эсептөө жүзөгө ашырылгандан кийин, аны төлөө үчүн зарыл маалыматты мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөр жөнүндө мамлекеттик тутумга токтоосуз жөнөтүүгө милдеттүү.

Көңүл буруңуздар! 25-берененин жоболору 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5-глава. Электрондук башкаруу чөйрөсүндө укуктарды коргоо

27-берене. Маалыматка жетүү укугун коргоо

  1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, кызмат адамдарынын маалыматка жетүү укугун бузган чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) жогору турган органга, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) же жогору турган кызмат адамына, андан кийин сотко даттанылышы мүмкүн.
  2. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөн мыйзамсыз баш тартуунун, аны өз убагында бербөөнүн, билип туруп анык эмес же суроо-талаптын мазмунуна туура келбеген маалыматты берүүнүн натыйжасында чыгаша келтирилсе, мындай чыгашанын орду жарандык мыйзамдарга ылайык толтурулууга тийиш. Маалыматка жетүү укугунун бузулушунан улам келтирилген моралдык залалдын ордун толтуруу мүлктүк залалдын жана келтирилген чыгашанын ордун толтурууга көз карандысыз түрдө жүзөгө ашырылат.

28-берене. Маалымат ээсинин укуктарын коргоо

  1. Маалымат ээсинин укуктарын коргоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) маалыматты коргоонун техникалык чараларын киргизүү;

2) укук бузулганга чейинки абалды калыбына келтирүү жана укук бузган же аны бузуу коркунучун жараткан аракеттерге бөгөт коюу;

3) маалымат алуучуну өз милдеттерин же маалымат ээсинин мыйзамдуу талаптарын аткарууга мажбурлоо;

4) чыгашалардын, анын ичинде маалыматка жетүүгө мыйзамдуу белгиленген чектөөлөрдү, ошондой эле маалыматтын купуялуулугун сактоо тууралуу жана таратылуучу маалыматтын булагын көрсөтүү тууралуу талаптарды бузуу менен келтирилген чыгашалардын ордун толтуруу;

5) моралдык зыянды компенсациялоо;

6) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамга каршы келген актысын сот тарабынан колдонбоо;

7) мыйзамда каралган башка ыкмалар менен.

  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында каралган чаралар маалыматтык ортомчуларга, башкача айтканда, төмөнкүдөй кызматтарды көрсөткөн жактарга карата колдонулбайт:

1) же болбосо маалыматты башка адам тарабынан өзгөртүүсүз жана оңдоосуз берүү шарты менен берүү боюнча;

2) же болбосо бул адам маалыматты мыйзамсыз түрдө таратып жаткандыгын билбеген шартта маалыматты сактоо жана аны алууну камсыз кылуу боюнча.

6-глава. Корутунду жана өткөөл жоболор

29-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 98-ст.);

2) "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 2, 38-ст.);

3) "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 116 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 426-ст.);

4) "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 982-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);

6) "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 848-ст.).

30-берене. Кеңешти, Комиссияны түзүү

Ушул Мыйзамда каралган Кеңеш жана Комиссия ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдан кечиктирилбестен түзүлүшү жана ишин баштоосу керек.

31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

  1. Ушул Мыйзам, күчүнө кирүүсү үчүн өзгөчө тартип белгиленген жоболорду кошпогондо, расмий жарыялангандан күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-декабрында № 84-85 (2809-2810) жарыяланды

  1. Ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 3-7-бөлүктөрү "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-6-пункттары, ошондой эле 25 жана 26-беренелеринин жоболору 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
  3. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 10-пункту 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А.Ш. Атамбаев