Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом, 2022-жылдын 18-ноябры,№637

Жарыяланган  30/12/2022

Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом, 2022-жылдын 18-ноябры,№637

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
8-февралындагы № 27 “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө”, 2020-жылдын
17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыктарын аткаруу максатында, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
    4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:

– 1.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сексен алтынчы абзац менен толукталсын:

“Түндүк” мобилдик тиркемеси” – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо.”;

– 2.1.1-пункттун биринчи абзацы “токтотууга жана” деген сөздөрдөн кийин “эгерде артыкчылыктуу тартипте “Түндүк” мобилдик тиркемесинин жардамы менен документтерди санариптик форматта бөлүшүү мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта,” деген сөздөр менен толукталсын;

– 2.4-пункт “көрсөтүүгө” деген сөздөн кийин “жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу берилүүчү документтерди санариптик форматта онлайн режимде текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү
программалык-аппараттык каражатка ээ болууга” деген сөздөр менен толукталсын;

– 2.6-пункттун үчүнчү абзацы “документти” деген сөздөн кийин
“, анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта” деген сөздөр менен толукталсын;

– 21.3-пункт “ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу бул документти санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда” деген сөздөр менен толукталсын;

– 22.1-пункттун биринчи абзацы “стажы бар” деген сөздөрдөн кийин “же болбосо бул документти тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугунун бар экендигин ырастаган “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон” деген сөздөр менен толукталсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
    3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:

– 5-пункт “пайдалануу үчүн арналган” деген сөздөрдөн кийин
“, анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы” деген сөздөр менен толукталсын;

– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

“Эскертүү: “жетүү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген улуттук паспорт юридикалык күчкө ээ жана ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык физикалык форматта улуттук паспорттун номиналдуу тибине карата документке барабар болуп саналат.”.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
    3-апрелиндеги № 197 “Идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту
    (ID-карта) жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:

  • 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

“Жетүү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген идентификациялык карта юридикалык күчкө ээ жана физикалык форматтагы идентификациялык картанын номиналдуу тибине карата документке барабар болуп саналат.”.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
    23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

– 22-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

– 24-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

– 56-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

жетинчи абзац “транспорт каражаттарынын” деген сөздөрдөн мурда “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же” деген сөздөр менен толукталсын;

– 57-пунктта:

– 58-пункттун төртүнчү абзацы “транспорт каражаттарынын” деген сөздөрдөн мурда “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же” деген сөздөр менен толукталсын;

– 59-пунктта:

 төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

тогузунчу абзац “транспорт каражаттарына” деген сөздөрдөн мурда “жетүүнү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын;

– 61-пунктунда:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

жетинчи абзац “тийиштүү” деген сөздөн мурда “жетүүнү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын;

– 65-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

жетинчи абзац “болгон тийиштүү” деген сөздөрдөн мурда “жетүүнү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн” деген сөздөр менен толукталсын;

– 67-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

жетинчи абзац “тийиштүү” деген сөздөн мурда “жетүүнү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүүгө мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
    18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:

– 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

“Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү квалификациялык сынактарды тапшыруу, ошондой эле улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алуу же алмаштыруу үчүн документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документке барабар.”;

– 12-пунктта:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

тогузунчу абзац “айдоочулук күбөлүк” деген сөздөрдөн кийин
“же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы күбөлүк” деген сөздөр менен толукталсын;

– 37-пунктта:

3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

5-пунктча “Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн” деген сөздөрдөн мурда “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүгүн же” деген сөздөр менен толукталсын;

– 38-пунктунун 2-пунктчасы “өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ” деген сөздөрдөн кийин “же болбосо “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

– 43-пунктта:

3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту – Кыргыз Республикасында жайгашкан же андан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны үчүн;”;

6-пунктча “улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү” деген сөздөрдөн мурда “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же” деген сөздөр менен толукталсын;

  • 64-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана
тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелеринде:

– 10-пунктта:

2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);”;

7-пунктча “айдоочулук күбөлүктү” деген сөздөрдөн мурда “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же” деген сөздөр менен толукталсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
    7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси менен санариптик форматта берилген документтер өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ деп белгиленсин.”;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде:

– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“санариптик документ – бул Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген документтин мазмунуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалымат базаларында камтылган жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемесинде түзүлгөн маалыматтардын жыйындысынан турган санариптик форматтагы документ;

“Түндүк” мобилдик тиркемеси – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо.”;

– 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Портал же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтерге барабар.”.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
    11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускамада:

– 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген жарандык абалдын актылары (туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү) өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.”;

– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;”;

– 15-пункттун жетинчи абзацы “туулган күнүн жана жерин көрсөтүү менен паспортун” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы паспортун” деген сөздөр менен толукталсын;

– 18-пункттун төртүнчү абзацы “ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери” деген сөздөр менен толукталсын;

  • 24-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишеним катынын;”;

– 26-пунктта:

сегизинчи абзац “ата-энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөр менен толукталсын;

он экинчи абзац “ата-энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөр менен толукталсын;

он бешинчи абзац “атасынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөр менен толукталсын;

жыйырма үчүнчү абзац “энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөр менен толукталсын;

жыйырма алтынчы абзац “арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөр менен толукталсын;

– 29-пункттун экинчи абзацы “энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү күбөлүк” деген сөздөр менен толукталсын;

– 32-пункттун жетинчи абзацы “никеге туруп жаткандардын  ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөр менен толукталсын;

– 37-пунктта:

биринчи абзац “(соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту)” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти” деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзац “ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорту)” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи” деген сөздөр менен толукталсын;

– 40-пункттун төртүнчү абзацы “ким экендигин күбөлөндүргөн документтер” деген сөздөрдөн кийин “же Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөр менен толукталсын;

– 46-пункттун төртүнчү абзацы “арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөрдөн кийин “же Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөр менен толукталсын;

– 49-пункттун сегизинчи абзацы “ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөр менен толукталсын;

– 53-пункттун үчүнчү абзацы “ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөрдөн кийин
“же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер” деген сөздөр менен толукталсын;

– 54-пункттун экинчи абзацы “арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөрдөн кийин “же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ” деген сөздөр менен толукталсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
    12-апрелиндеги № 142 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын
    2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:

  • 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

“Жетүү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген жалпы жарандык паспорт өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.”.

  1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күндүн ичинде өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров