Жаңылыктар

«Түндүк» мамлекеттик мекемеси MegaPay мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон жаңы "Электрондук балык уулоо билети" тутумун ишке киргизди

«Түндүк» мамлекеттик мекемеси Балык чарба департаменти менен биргеликте өлкөнүн балыкчылары үчүн жаңы маалымат тутумун - "Электрондук балык уулоо билетин" ишке киргизип жатат.

Эми бул системанын жардамы менен балыкчылар электрондук балык билетин мобилдик тиркеме аркылуу ала алышат.

Электрондук балык уулоо документин алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
• MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңыртуу (Google Play же App Store жүктөп алууга болот);
• Тиркемеден "Төлөө" бөлүмүнө өтүп, андан кийин "Атайын кызматтар" баскычын басасыз;
• "КР балык уулоо билети" кызматын тандап, "Билет сатып алуу" баскычын басасыз;
• аты-жөнүн киргизүү керек;
• балык улоо билетинин же картанын түрүн тандоо (тандалган электрондук документке жараша баасы автоматтык түрдө түзүлөт);
• аймакты жана суу объектисин көрсөтүү, андан кийин билеттин башталыш күнүн киргизүү (документтин жарактуулук мөөнөтү автоматтык түрдө аныкталат);
• андан соң "Төлөөгө өтүү" баскычын басып, телефон номерин киргизип, төлөмдү ырастоо керек.

Даяр!
Даяр болгон электрондук билетти же карточканы "Атайын кызматтар" – "КР балык уулоо билети" – "Менин билеттерим" бөлүмүнөн таба аласыз.

PDF форматындагы документти телефонуңузга жүктөп алып, егерге көрсөтсөңүз болот.

Ошондой эле, электрондук билеттерде жана карталарда атайын QR-код камтылган, аны егерь сканерлеп, документтин жарактуулугун текшере алат.

Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.