Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы – бул сиздин мамлекетке карай ачылган терезеңиз. Ал дүйнөнүн каалаган бурчунда үйдөн чыкпай туруп электрондук форматтагы 132 маалымкат менен документти алууга мүмкүнчүлүк берет.
Портал тарабынан берилген бардык документтер юридикалык жактан маанилүү.
Порталдан төмөнкү маалымкаттар менен документтерди электрондук түрдө алууга болот:
– Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– Кыймылсыз мүлкү бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат (насыя алууда талап кылынат);
– Эмделгендиги жөнүндө сертификат;
– Пенсиялык төлөмдөр жана башка көптөгөн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат.
Порталдан жигердүү толукталып, өркүндөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн жакынкы Калкты тейлөө борборунан (КТБ) электрондук кол тамга алуу керек (акысыз) жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына катталуу зарыл.
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жана электрондук кол тамга алуу тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири тааныша аласыздар: https://portal.tunduk.kg/