Жаңылыктар

Порталдын электрондук документтеринин юридикалык мааниси

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан электрондук форматтагы 132 түрдүү маалымкат жана башка документтерди ала аласыздар.

Порталдан алынган электрондук форматтагы бардык документтер кагаз жүзүндөгү документ же маалымкат сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ!

Бул жагдайлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 573-токтому менен бекемделген:
 
– Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы тарабынан берилген документтердин юридикалык күчкө ээ экендиги жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген документтерге теңдештирилери белгиленсин;
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу аркылуу) жарандардын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан алган документтерин кабыл алсын.

Азыр "Түндүк" мобилдик тиркемеси менен санарип документтерди (паспорт, айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техникалык паспорту) алуу сыноодон өтүп жатат, бул иш жыйынтыкталып, бекитилгенден кийин юридикалык мааниге ээ болот.

Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.

Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар: https://portal.tunduk.kg/