Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына булуттук электрондук кол тамга менен кантип кирүү керек?
Булуттук электрондук кол тамга менен порталга кирүү үчүн:
– Булуттук электрондук кол тамганы чоң Калкты тейлөө борборунан (КТБ) аласыз (5 мүнөттүн ичинде акысыз берилет);
– portal.tunduk.kg сайтынынын оң жагынын жогорку бурчундагы "Кирүү" баскычын басасыз;
– Булуттук электрондук кол тамга менен кирүү ыкмасын тандайсыз;
– ПИН киргизүү керек (паспорттогу 14 орундуу номер);
– Электрондук идентификация тутумунун паролун киргизүү (10 символдуу жана электрондук почтага биринчи регистрация болгондо келет);
Экинчи факторду өтүү үчүн:
– Булуттук кол тамга аркылуу кирүүнү тандайсыз жана электрондук почтага келген убактылуу текшерүү кодун киргизесиз (6 цифрадан турган код);
– Эгер сиз туура маалыматтарды киргизген болсоңуз, анда порталга кире аласыз.
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
Кененирээк маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыз: https://portal.tunduk.kg