Жаңылыктар

Биз өз иш-аракеттерибиздин алкагында ички процесстердин өзгөртүү боюнча "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму үчүн артыкчылыктуу болгон бир нече долбоорлорун аныктадык

Алардын бири - "Балага сүйүнчү" төлөмү (4000 сом), бул жылдан баштап ар бир бала төрөлгөндө берилет. Келечекте - жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн - ушул бир жолку төлөмдү берүү жол-жобосун толугу менен калыбына келтирүү үчүн, азыр кандайча болуп жаткандыгын изилдеп жатабыз.Мисалы, ойдо - бала төрөлгөндө ага эсеп ачуу, кош бойлуу аял жөнүндө маалыматты ҮМБдан төрөт үйүнө, МККга , андан кийин - төрөлгөндө - кезегинде бала бакчага жана мектепке өткөрүп берүү.
Бүгун Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери менен,  Балага сүйүнчү берүүнүн кайсы жол-жоболорун өзгөртүү мүмкүндүгү тууралуу, ой-пикирлерин угуу үчүн жолугушуу өткөрдүк. А сиз же тааныштарыңар балага сүйүнчү алышты беле? Кандай кыйынчылыктар пайда болгон?