Портал аркылуу соттолбогондугу тууралуу маалымкатты кантип алууга болот?
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы онлайн режимде соттолбогондугу жөнүндө маалымкат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ал үчүн:
– Порталга катталуу керек;
– Керектүү мөөнөтү боюнча тандаш керек (1, 3, 7 иш күн);
– Маалымкатты алуу жерин көрсөтүү жана телефон номерин терүү зарыл;
– «Өтүнмөнү тариздөө» баскычын басуу керек, андан соң маалымкатты алууга арыздын электрондук формасын чыгат;
– «Жөнөтүү» баскычын басуу керек, кызмат үчүн акы төлөө жөнүндө маалымат чыгат;
– «Улантуу» баскычын басуу менен система төлөм формасын түзөт;
– Төлөмгө өтүү керек.
Маалымкаттын даярдык абалын төмөнкү кызмат менен көрүүгө болот:
– Адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкаттын даярдыгын текшерүү.
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.