Жаңылыктар

Пенсиялык топтом жөнүндө кантип маалымат алууга болот (Пенсиялык топтом фонду)?

Бул кызмат көрсөтүүнүн жардамы менен ар бир жаран пенсиялык топтому жана инвестициялык кирешелери жөнүндө маалымат ала алышат.
 
Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
 
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирүү керек;
 
"Социалдык төлөмдөр" бөлүгүндөгү "Пенсиялык топтом жөнүндө маалымат (Пенсиялык топтом фонду)" кызматын тандоо зарыл;
 
Электрондук арыз берүү үчүн "Өтүнмөнү тариздөө" баскычын басуу керек;
 
Жооп алуу үчүн "Жөнөтүү" баскычын басуу зарыл.
Бардык аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча сиз төлөгөн төгүмдөрдүн жалпы суммасы жөнүндө дароо маалымат аласыз (камсыздандырылган адамдын иштеген бүт мезгили үчүн топтом эсебинин бардык төлөмдөрүнүн суммасы).
 
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы мамлекеттик органдардан алынган маалыматтын негизинде "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара байланыш тутуму аркылуу түзүлөт.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири маалымат ала аласыздар: portal.tunduk.kg