Жаңылыктар

Сот аткаруучулардын тармагы боюнча карыздар тууралуу маалыматты онлайн кантип алса болот?

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жаңы кызматты ишке киргизди!
 
Эми порталда онлайн форматта «Сот аткаруучулардын тармагы боюнча карыздары тууралуу маалымат (каттоосуз)» кызматы жеткиликтүү.
 
Кызмат Кыргыз Республикасынын жарандарына сот аткаруучулардын тармагы боюнча карыздары тууралуу маалыматты текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, сервис чет өлкөгө кетип жаткан жарандарга жана жалпы эле укуктук мамилелерди териштиргендерге өз карыздарын алдын ала текшерүүгө мүмкүндүк түзөт.
 
Бул үчүн төмөнкүлөрдү жасоо керек:
 
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү portal.tunduk.kg;
 
"Сот аткаруучулардын тармагы боюнча карыздары тууралуу маалымат (каттоосуз)" кызматын тандоо;
 
Паспорттогу 14 орундуу Жеке идентификациялык номерин киргизип «Текшер» баскычын басуу керек.
 
Андан сон, сизге төмөнкү түрдө карыздар тууралуу маалымат жеткиликтүү болот:
 
Аткаруу ишинин номери;
 
– Аткаруу иши жайгашкан САКБнин аталышы;
 
САКБнин (сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү) дареги.
 
Карызды өз убагында төлөбөгөндүгү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө камоого алынган аткаруу документин мажбурлап аткарууга, сыртка чыгууга чектөө коюуга, бар болгон учурда банк эсептерин жаап салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жоопкерчиликке алып келет.
 
Мамлекет жарандарга кам көрүп, жагымдуу шарттарды түзөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: portal.tunduk.kg