«Түндүк» мамлекеттик мекемеси жана Калктын жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти калкка кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу боюнча мындан аркы пландарды талкуулашты
Бүгүн, 1-июлда, «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кеңсесинде Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калктын жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүнү оптималдаштыруу боюнча мындан аркы пландар талкууланды.
Киргизилип жаткан онлайн сервистердин аркасында көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, ошондой эле калкты тейлөөнүн жаңы деңгээлине өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Маалымкаттарды жана документтерди алууда жарандар үчүн бюрократиялык тоскоолдуктардын азайышы күтүлүүдө.