4-июлда, Биринчи радионун эфиринде «Түндүк» системасы жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жөнүндө кеңири маалымат берилди
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча Соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу Бекмухаммет Мусурманкулов калкты жаңы сервис жөнүндө маалымдашты, бул кызматтын жардамы менен соттук аткаруучулардын тармагы боюнча карыздардын бар экендиги жөнүндө маалымат алууга болот.
Жарандар карыздары боюнча кененирээк маалыматты телефон аркылуу ала алышат: +996 312 25 09 52.