«Түндүк» ММ MegaPay мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү боло турган жаңы «Электрондук балык уулоо билети» тутумун ишке ашырууда
5-июлда, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментинин жана «Альфа Телеком» ЖАКнын (Мегаком) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бирге ишке ашырылган «Электрондук балык уулоо билети» жаңы тутумунун ишке киргизилиши талкууланды, ал жарандарга балык уулоого уруксат документин алууда ыңгайлуулук үчүн түзүлүүдө.
«Электрондук балык уулоо билети» маалымат тутуму MegaPay мобилдик тиркемеси менен интеграцияланат, анын жардамы менен керектүү балык билетин бир нече баскыч аркылуу алууга болот.
Жаңы тутумду түзүүнүн максаты - жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана балык уулоо билетин алууда жарандардын убактысын үнөмдөө.
Балык уулоо билетин алуу үчүн система ишке киргизилгенден кийин жарандарда мобилдик тиркеме аркылуу керектүү реквизиттерди толтурууга, балыктын түрү боюнча билетти тандап алууга, ыңгайлуу датаны аныктоого жана акы төлөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Бардык туура толтурулган жол-жоболордон кийин электрондук билетти PDF форматында MegaPay тиркемесинен жүктөп алууга болот.
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.