Жаңылыктар

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалыматты онлайн кантип алууга болот?

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы – бул сиздин мамлекетке карай ачылган терезеңиз. Ал дүйнөнүн каалаган бурчунда үйдөн чыкпай туруп электрондук форматтагы 130дан ашуун маалымкат менен документти алууга мүмкүнчүлүк берет.
 
«Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат» кызматынын жардамы менен балаңыздын туулгандыгы тууралуу берилген күбөлүгү боюнча маалыматты көрө аласыз жана аны алуу үчүн мамлекеттик органга баруунун кажети жок.
 
Бул үчүн сизге төмөнкүлөр керек:
 
  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирүү (бул үчүн Калкты тейлөө борборунан булуттук электрондук кол тамга алуу керек);
  • «Маалымкат, көчүрмөлөр» бөлүгүндө «Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат» кызматын тандап алуу керек;
  • Кызматка арыз берүү.
 
Ыкчам кызмат дароо балаңыз жөнүндө толук маалымат берет.
 
Ошондой эле «Кызматтар жана сервистер» бөлүгүндөгү жеке кабинеттен сиз алган кызматтар жеткиликтүү.
 
Портал тарабынан берилген электрондук форматтагы бардык документтер кагаз жүзүндөгү документ же маалымкат сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири маалымат ала аласыздар: portal.tunduk.kg