Жаңылыктар

Булуттук электрондук кол тамгасын (БЭК) алуу үчүн жеке жана юридикалык жактарга кандай документтер керек?

Сизге электрондук форматтагы маалымкат же документ керекпи?
 
Бирок сиз али булуттук электрондук кол тамгасын (БЭК) ала элексизби?
 
Анда сиз Калкты тейлөө борборуна (КТБ) келип, булуттук электрондук кол тамгасын (АКЫСЫЗ) алсаңыз болот.
 
Булуттук электрондук кол тамгасы жеке адамдарга гана эмес, Бирдиктүү идентификациялоо системасына каттала турган юридикалык жактарга да берилет (мисалы, salyk.kg сайтына отчет берүүчүлөргө).
 
Жеке адамдар Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) жекече кайрылышы зарыл, ошону менен бирге паспорту жана электрондук почтасы болушу кажет.
 
Юридикалык жактар дагы уюмдун жетекчиси же ишенимдүү адамы аркылуу зарыл болгон документтер менен Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылууга тийиш:
 
  • "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын (МИ) Тастыктоо борборунун (ТБ) регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуу (Макулдашууну infocom.kg сайтынын "Биздин ТБ" бөлүгүнөн жүктөп алсаңыз болот);
  • Юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн Тастыктоо борборунун колдонуучусунун ишеним каты (Ишеним катты infocom.kg сайтынын "Биздин ТБ" бөлүгүнөн жүктөп алсаңыз болот);
  • Тастыктоо борборунун колдонуучусунун паспорт көчүрмөсү (түп нускасы жанында болушу керек);
  • Ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;
  • Уюм жетекчисин дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
  • Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Электрондук почта.
 
Калкты тейлөө борборунун операторлору Бирдиктүү идентификациялоо системасынан берилген электрондук почтага сырсөз жөнөтөт.