Жаңылыктар

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары "Түндүк" тутумунун бизнес үчүн пайдасы тууралуу айтып берди

Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Искендер Асылкулов 5-октябрда "Түндүк: жетишкендиктер жана перспективалар" конференциясында "Түндүк" системасынын бизнес үчүн пайдасы тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, МСК 2016-жылы "Түндүк" тутумуна 5.0 версиясы астында кошулган, бирок учурда 6.0 версиясын колдонуп жатат.

"МСК ИЖНдин маалыматтары жөнүндө, банк мекемелеринин пайдалануусу үчүн жана салык төлөөчү тарабынан жаңылыш төлөөнү болтурбоо үчүн юридикалык жактар жөнүндө маалымат берет. МСК  өз кезегинде жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө маалыматты алат, алар автоматташтырылган режимде иштетилет жана  салык төлөөчүнүн өздүк эсебине кирет, бул адамдын эмгек чыгымдарын кыйла жеңилдетет. МСК салык төлөөчүнүн өздүк эсеп карточкасынын маалыматтарын киргизүүдөгү каталарды жокко чыгарат. 2017-жылы МСК мамлекеттик Сатып алуулар департаменти менен макулдашуу түзгөн. Ушул макулдашуунун түзүлгөнгө чейин арыз  берүүчү субъект, мамлекеттик сатып алуулардын тендердик конкурсуна катышуу үчүн,  аймактык салык органдарынан алган салык карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алууга аргасыз болчу жана  алуу мөөнөтү 3 жумуш күнгө чейин созулчу.. "Түндүк" аркылуу кошуулгандан кийин иштөө процесси 20-30 секунданы  түзөт", - деди ал.

Башчынын орун басары юридикалык жактардын ИЖНи боюнча маалыматтарды берүү бизнеске Мамлекеттик салык кызматына кайрылбастан бардык мамлекеттик органдарда өздөрүн табууга мүмкүндүк берет деп белгиледи.