Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүүнү автоматташтыруу боюнча жаңы сервис иштелип чыгууда
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун өкүлдөрүнүн жумушчу жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүүнү автоматташтыруу боюнча маселелер, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына аталган кызматты жайгаштыруу механизмдери талкууланды.
Бул сервис ата-энелерге баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү онлайн режиминде тариздөөгө мүмкүндүк берет.
Төрөт үйлөрүндө медициналык күбөлүк берилгенде булуттук электрондук кол тамгалар дагы кошо берилет, анын жардамы менен баланын ата-энеси Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн онлайн арыз жибере алышат.
Азыркы учурда бул кызматтын толук кандуу иштеши үчүн бардык техникалык процесстер кылдат текшерүүдөн өтүүдө.
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
#tundukkg #portalkg #esrevice #digitalkg
#tundukkg #portalkg #esrevice #digitalkg