Жаңылыктар

Мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу үчүн булуттук электрондук кол тамганы кайдан жана кантип алууга болот?

Тез арада онлайн режиминде маалымкат же документ алууңуз керек, бирок сизде булуттук электрондук кол тамгаңыз жок?
 
Анда Сиз калкты тейлөө борборуна (КТБ) бир жолу эле барып, булуттук электрондук кол тамганы акысыз алып, кызматтарды онлайн режиминде колдонсоңуз болот!
 
КТБга баратканда паспортуңузду алууну унутпаңыз, ал эми юридикалык жактар үчүн төмөнкү документтер керек болот:
 
  • "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын (МИ) Тастыктоо борборунун (ТБ) регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуу (Макулдашууну infocom.kg сайтынын "Биздин ТБ" бөлүгүнөн жүктөп алсаңыз болот);
  • Юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн Тастыктоо борборунун колдонуучусунун ишеним каты (Ишеним катты infocom.kg сайтынын "Биздин ТБ" бөлүгүнөн жүктөп алсаңыз болот);
  • Тастыктоо борборунун колдонуучусунун паспорт көчүрмөсү (түп нускасы жанында болушу керек);
  • Ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;
  • Уюм жетекчисин дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
  • Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
КТБ операторлору бир нече мүнөттүн ичинде булуттук электрондук кол тамганы беришет, ошондой эле бирдиктүү идентификациялоо системасынын паролун берилген электрондук почтага жөнөтүшөт.
 
Булуттук кол тамга менен, Сиз portal.tunduk.kg сайтынан онлайн кызматтарын жана Tunduk мобилдик тиркемесин колдоно аласыз.
 
Булуттук электрондук кол тамганы алуу боюнча маалыматты, ошондой эле КТБнын даректерин 📞 119 колл-центринен тактоого болот (чалуу акысыз).