Жаңылыктар

"Түндүк" тутумунун алкагында ИИМ 4 автоматташтырылган системаны киргизди

Бишкек, 05.10.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Ички иштер министрлиги "Түндүк" ведомство аралык өз-ара аракеттенүү алкагында 4 автоматташтырылган системаны киргизди. Бул тууралуу "Түндүк" тутуму: жетишкендиктер жана перспективалар" конференциясында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат берди.

Анын айтымында, киргизилген маанилүү компоненттер: "багыт алуу", "издөө", "санариптештирүү" жана "бирдиктүү терезе" болуп саналат.

"Багыт алуу" автоматташтырылган системасы унааны  уурдап айдоо жөнүндө маалыматты жайылтылышын күчөттү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Эгер унааны Сокулукта уурдап айдаса, анда протокол түзүлүп, андан кийин Чуй областынын ички иштер башкармалыгына, андан ары ИИМдин борбордук аппаратына жана МККга 2-3 күндүн ичинде маалымат келип түшөт. Маалымат системасы эл аралык денгээлде да киргизилгенден кийин, бир нече сааттын ичинде таратылат. "Издөө" системасы пилоттук режимде Бишкек жана Чүй облусунун ИИББсында иштейт. Биз аны толугу менен ноябрдын башында ишке киргизүүнү пландаштырып жатабыз", - деди ал.

Соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат берүүнүн алкагында маалыматтарды санариптештирүү 25-ноябрга карата бүтөт.

"Жылына соттолгондугу тууралуу 120 миң 996 маалымкат берилген. 627-күнүнө. Автоматташтырылган тутум киргизилгенден кийин маалымкатты 10 мүнөттүн ичинде алса болот, ал эми азыр буга 10 күн кетет, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдө – 2-3 күн.  "Бирдиктүү терезе" бүгүнкү күндө Бишкек ШИИБинде иштеп жатат. Алсак, соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу арызды кабыл алуу, курал - жарак алып жүрүүгө жана сактоого уруксат, өзгөчө кооптуу же жарылуучу жүктөрдү ташууда атайын машиналарды коштоп жүрүүгө уруксат берүү сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт", - деп кошумчалады ал.

Булак: http://kabar.kg