Жаңылыктар

"Түндүк" тутумун андан ары киргизүү мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү жана суралган маалымкаттарды автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берет

126 маалымкат алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 286 жолу 96 кошумча документтерди берүү зарыл. Бул тууралуу "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Электрондук форматка кайсы маалымкатты которушу мүмкүн экендигин билүү жана аларды жарандан талап кылуу үчүн изилдөө жүргүзүлдү. Жыйырма жети мамлекеттик орган маалымкат алуу үчүн талап кылынган жана суралган маалымкаттар, документтер жөнүндө маалымат беришти.

Натыйжада 27 мамлекеттик орган жарандарга 126 маалымкат бере тургандыгы алдын ала аныкталган. Дагы 168 маалымкатты кыргызстандыктардан 23 мамлекеттик органдар сурап алат.

"2019-жылдын аягына карата мамлекеттик органдар тарабынан суралган 25 жана 59 маалымкатты автоматташтыруу мүмкүндүгү пайда болот. "Түндүк" системасын андан ары киргизүү мамлекеттик органдар тарабынан маалымкаттарды берүүнү жана суроо — талапты толугу менен автоматташтырууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт бардык мамлекеттик органдарга жана борборго сураган жана сунушталган документтер жана маалымкаттар боюнча кошумча иликтөө жүргүзүүнү жана маалымкаттарды талап кылууну болтурбоо боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды.