Жаңылыктар

Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери үчүн "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттенүү тутуму боюнча семинар болуп өттү

2018-жылдын 4-декабрда жаштар борбору Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынында,  Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери үчүн "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумунун иш-аракетинин презентациясы болуп өттү, аны Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" мамлекеттик ишканасынын директору Н.А. Кутнаева өткөрдү.

Бул иш-чарада мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Н.А. Бардинова жана ведомство кызматкерлери катышты.

Семинарда мамлекеттик органдарда "Түндүк" системасын киргизүү маселелери талкууланды.

"Түндүк" системасын киргизүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөтүүгө, алардын натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик органдардын бардык маалыматтык ресурстарына бирдиктүү жеткиликтүү түйүндү түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Н.А. Кутнаева презентацияда.

Өз сөзүндө, мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Н.А. Бардинова бул багыт боюнча маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо мүмкүндүгүн бере турган аянтчалардын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгиледи. "Бүгүнкү күнгө карата Мамагенттикте спорттук наам бар экендиги тууралуу маалымат иштелип чыгып, аны ишке ашыруу стадиясында турат. Мындан тышкары башка мамлекеттик органдар менен иштөө алдыда турган башка да багыттар бар", - деп кошумчалады ал.

Семинардын жыйынтыгы боюнча Н.А. Кутнаева мамлекеттик органдарды санариптештирүү темасы боюнча катышуучулардын баардык кызыктырган суроолоруна жооп берди.