Жаңылыктар

Кыргызстан "Түндүк" системасын туруктуу түрдө киргизүү жана электрондук башкарууну алга жылдыруу үчүн сыйланды

Кыргызстандын  "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы Эстон электрондук башкаруу академиясы (E-GA) тарабынан "Түндүк" маалымат алмашуу тутумун ийгиликтүү ишке киргизүү жана КРда электрондук башкарууну алга жылдыруу үчүн сыйланган. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш комитетинин алдындагы МИнин мүдүрү Нурия Кутнаева өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Эстония электрондук башкаруу академиясы электрондук башкаруу тутумун мыкты рейтинги үчүн сыйлык тапшырат. Бул абдан кадыр-барктуу сыйлык.

"Сыйлыктардан кийин башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бизди куттукташып, тажрыйба менен бөлүшүүнү суранып, бизди Өз өкмөттөрүнө мисал келтирээрин айтышты. Бул башка өлкөлөрдүн ичинен, Польшанын жана Швейцариянын өкүлдөрү айтышты", - дейт ал.

Сыйлоо аземине БУУнун жана Европа союзунун өкүлдөрү 130 өлкөдөн 500гө жакын делегат катышты.

"Жалпысынан алганда, жыл ичинде биз көптөгөн маалыматтарды алмашууга жетише алдык: 19 мамлекеттик орган "Түндүк" маалымат менен алмашат. Март айында 400 миңге жакын алмашуу болгон болсо, анда апрель 700 миңге жакын алмашуу болгон", - деп билдирди Кутнаева.

http://kabar.kg/news/kyrgyzstan-nagradili-za-nastoichivoe-vnedrenie-sistemy-t-nd-k-i-prodvizhenie-elektronnogo-upravleniia/?fbclid=IwAR2LZmL71rmI7zk7v6y_IlVIdizNPNfWNx4u896_9ox2Q8RvSHaHVa7AE54