"Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын мүдүру Кутнаева Н.А. биринчи телебайланыш форумда "Түндүк" ВЭӨТ тууралуу презентация менен чыгып сүйлөдү
Бүгүн, 2019-жылдын 22-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен "Санариптик Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү" телебайланыш форуму болуп өттү. "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын мүдүру Кутнаева Н.А. "ЭАБ" МИнин мүдүрүнүн орун басары жана биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси Буржуев А. Ч. менен бирге "Түндүк" ВЭӨТтүн өлкөнү санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү процессиндеги ролу" презентациясын тартуулашты.