Юридикалык жактарды каттоо үчүн маалымкаттарды автоматташтыруу боюнча макулдашуулар корутунду стадиясында турат
Биз юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана алардын иш-аракетин токтотууга керектелүүчү маалымкаттарды автоматташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы жана КР Социалдык фонду менен талкууладык.
Эмнелер ишке ашырылды:
макулдашууларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү жана азыр акыркы стадияда;
жакын арада тараптар юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) маселелери боюнча "Түндүк" аркылуу электрондук өз ара аракеттенүүнү башташат.