Кыргызстан электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча БУУнун 193 өлкөсүнүн ичинен 83-орунду ээлеген
Кыргызстан электрондук өкмөтүнүн өнүгүү деңгээли боюнча БУУнун 193 катышуучу-өлкөлөрүнүн ичинен 83-орунду ээлеген.
Бул тууралуу БУУнун даярдаган электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча изилдөөдө айтылгандыгын 13-июлда маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде республика экинчи орунду ээлеген.
"Бул е-Өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча акыркы 10 жылдагы Республиканын эң мыкты көрсөткүчү. Кыргызстан "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясына 2020 - жылга бекитилип берилген, өлкөнү санариптештирүү деңгээлинин 4 позицияга жылдырды, - деп белгилешет мамлекеттик кызматта.