Жаңылыктар

"Санарип Аймак" тутуму "Түндүк " ВЭӨТ менен интеграцияланды

КР Президенти тарабынан 2020 – жылы аймактарды санариптештирүү жана өнүктүрүү жылы деп жарыяланган "Санарип аймак" долбоору жогорку артыкчылыктардын бири болуп саналган. "Санарип Аймак" тутуму "Түндүк" ВЭӨТ менен интеграцияланган.
Тутумдун иштеп чыгуучусу болуп Кыргыз республикасынын Мамлекеттик катто кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы болуп эсептелинет.
"Инфоком" МИси бир айдын ичинде республиканын түштүгүндө системага кошуу боюнча иштерди жүргүздү: 180 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында орнотулду, 500дөн ашык кызматкер окутулду.Мындан тышкары,  "Санарип Кыргызстан 2019-2023 жж" жол картасын ишке ашыруу максатында, ошондой эле эпидемияга каршы күрөшүү иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча республиканын айыл өкмөттөрүндө кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер тездетилди. 2020 жылдын 29-июнунан тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык органдарында "Санарип аймак" системасын этап-этабы менен киргизүү башталган.2020-жылдын аягына чейин түндүк облустардагы 484 айыл өкмөтүн тутумга туташтыруу пландалган.