Жаңылыктар

Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутумун тестирлөө жана киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө

Tazabek --республикадагы бардык айыл өкмөттөрдү "Санарип Аймак" системасына 2020-жылдын аягына чейин кошулат. Бул тууралуу Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Дастан Догоев билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө МИнин жетекчилери «Санарип Кыргызстан» санарип трансформациясынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу милдеттердин жана коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын колдоосу менен иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө айтып беришти. Жумушчу кеңешмеде социалдык блокту, саламаттык сактоону, билим берүүнү жана айыл чарба тармагын санариптештирүү боюнча милдеттерди аткаруунун статусу, ошондой эле "Мамлекет платформа катары" концепциясынын өнүгүүсүнүн жүрүшү жөнүндө жарыяланды. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматы боюнча электрондук  кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр мамлекеттик порталын жаңылоо иштери уланууда.