Жаңылыктар

Президент С. Жээнбеков: Биз электрондук сооданы өнүктүрүүнүн үстүндө иштешибиз керек.

Tazabek -Cанариптик технологияларды кеңири колдонуу экономикалык мамилелерге олуттуу таасирин тийгизет. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радио" интервьюсунда билдирди.
"Ошондуктан биз жалпы өлкөнү санариптештирүү процессине чоң маани беребиз. Кыска мөөнөттүн ичинде жакшы жыйынтыктар бар. Бирок, алар жөнүндө ойлонбостон, биз талаптарды күчөтүп жатабыз. Мен сапарларымда санариптештирүүнүн жүрүшүн жеке өзүм карап жана көрсөтмөлөрдү берип жатам", - деп ишендирди ал.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, электрондук соода бүгүнкү турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Онлайн сатуу рыногучоң темп менен өсүүдө. . Эксперттердин божомолдору боюнча, ал мындан ары да тез өсө берет.

"Ошондуктан биз электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча иш алып баруубуз керек. Азыр мыйзамдык базаны түзүү, башка маселелерди чечүү керек", - деди ал.
Булак: www.tazabek.kg/news:1639482?f=cp