Жаңылыктар

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасын (БИС) иштеп чыкты. Бул эмне үчүн маанилүү?

Кыргызстанда "2019-2023 санариптик трансформациялоо" концепциясы ишке ашырылууда, анын негизги максаты мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жакшыртуу болуп саналат. Коронавирустун пандемиясындагы бул иштер өзгөчө актуалдуулука жана маанилүүлүкө ээ болду.

Санариптик трансформациянын маанилүү бөлүгү болуп, колдонуучулардын авторизациясынын коопсуз ыкмасын колдонуу менен бардык жарандардын бардык мамлекеттик электрондук порталдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы («Түндүк» МИ) Бирдиктүү идентификациялоо системасын (БИС) иштеп чыкты.

БИС жарандар жана коммерциялык уюмдар үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык мамлекеттик порталдарына кирүүнүн бирдиктүү чекитинин ролун аткарат, б. а. жарандарды жана бизнес-уюмдарды өзүнчө ар кандай маалыматтык системаларда каттоону жокко чыгарат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, БИС колдонуучуну тастыктоодо толугу менен юридикалык күчкө ээ.
Аутентификациялоонун бул ыкмасынын негизги артыкчылыгы - бул 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картасын же булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен бир жолу гана катталуу керек. Аны Калкты тейлөө борборлорунан акысыз алууга болот жана колдонуучуларга андан ары БИСка кошулган мамлекеттик органдардын бардык электрондук порталдарына онлайн-кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Бул жарандарга эмне берет? Биринчи кезекте көп убакыт үнөмдөө. БИСтын жардамы менен электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталда соттолбогондугу тууралуу, пенсиялык статусу текшерүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат алууга, дарыгерге жазылуу ж. б. маалымкаттарды онлайн, үйдөн чыкпай туруп эле алууга болот.

Бул бизнеске берет? БИСтын жардамы менен коммерциялык уюмдар ар кандай отчетторду мамлекеттик органдарга барууга убакыт коротпой тапшырууга болот. Финансы мекемелери (мисалы, банктар), эсеп ачуу процессин жөнөкөйлөтүү үчүн, аны өзүнүн системасына кошо алат.

Мамлекеттик органдар үчүн колдонуучуларды каттоо, эсепке алуу жана башкаруу боюнча системаны иштеп чыгуу зарылдыгы болбой жатат, бул финансылык ресурстарды оптималдаштырууга жана үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда БИСка электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталда (portal.tunduk.kg) жана шайлоочунун кабинети (tizme.gov.kg) кошулган, башка мамлекеттик органдардын жана коммерциялык уюмдардын  маалыматтык тутумдары менен интеграциялоо боюнча иштери жүргүзүлүүдө.

Ыңгайлуу болушу үчүн колдонуучулар кирүү логин жана сырсөздү орнотуу менен пайдалануусу мүмкүн, жана эсептик жазуунун кошумча маалыматтык коопсуздугун камсыз кылган эки фактордук аутентификациялоо ыкмасын тандап алуусу мүмкүн.

Убакыттын өтүшү менен байланышкан электрондук порталдардын саны өсө берет, жана жарандардын БИСта эсептик жазуусунун бар болушу зарыл болуп калат.

БИСта каттоо жана системаны андан ары колдонуу акысыз ишке ашат.

БИС маалымат системасы боюнча кошумча маалымат, анын ичинде техникалык сүрөттөмө жана интеграциялык мүмкүнчүлүктөрдү wiki.ordo.gov.kg сайтынан алууга болот.