Жаңылыктар

"Түндүк" МИси жана "Зерде" Казакстан Улуттук маалыматтык коммуникациялык холдинги кызматташуу маселесин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын аянтчасында "Зерде" казак улуттук инфокоммуникациялык холдингтин башкармасынын төрагасы Арман Абдрасилов менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар арасында өз ара кызматташуу маселелери талкууланды, ошондой эле "Түндүк" мамлекеттик ишканасы менен "Зерде” холдингинин ортосундагы кыйла пайдалуу өз ара аракеттенүү чекиттери аныкталды.
Тактап айтканда, казак тараптын өзгөчө кызыкчылыгын "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумун киргизүү боюнча ийгиликтүү иш-чаралар жаратты. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда "Түндүк" системасын пайдалануу мүмкүндүгү маселеси боюнча, анын ичинде ЕАЭБ санариптик күн тартиби алкагында байланыштарды улантууну макулдашышты.

Ошондой эле, "Түндүк" мамлекеттик ишканасын мүдүрүнүн орун басары Азамат Буржуев бирдиктүү идентификациялоо системасын жана электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын масштабдуу киргизүү боюнча  өткөрүлүүчү иш-чаралары жөнүндө, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырылган режимде ишке ашыруу жагынан терең модернизациялоо тууралуу айтып берди. Казак тарабы белгилегендей "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын ишке ашыруучу долбоорлору өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүн болгон аспектилерине айланышы керек.