Жаңылыктар

"Түндүк" МИси модернизацияланган электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын алкагында мамлекеттик кызматкерлер үчүн окутууларды өткөрүп жатат

Жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын (ККМП) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү алкагында, ошондой эле  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, «Түндүк» мамлекеттик ишканасы жаңы Порталда кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы форматы менен иштөө боюнча 30 мамлекеттик органдын адистерине  окутууну өткөрдү.

2020-жылдын 21-сентябрынан 24-сентябрына чейинки мезгилинде окутууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кызматкерлери өтүштү.

"Түндүк" МИнин адистери тарбынан жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана архитектуралык өзгөчөлүгү, Бирдиктүү идентификациялоо системасы менен өз ара байланышы, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө принциптүү жаңы айырмачылыктары көрсөтүлдү.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кеңешменин жүрүшүндө демилгеленген жана калкка кызмат көрсөтүүгө катышкан бардык мамлекеттик органдар үчүн жүргүзүлүшү керек.