Жаңылыктар

Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри жана Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестри иштелип чыкты. Бул эмнени берет?

"Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо Концепциянын максаттарына жетүү үчүн маалыматтык тутумдарды, программалык камсыз кылууну, программалык-техникалык комплекстерди, ошондой эле өлкөдөгү маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун башкаруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондуктан "Түндүк" мамлекеттик ишканасы электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри (ЭБМИ) жана Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестри (БММР) - эки маалыматтык тутумун иштеп чыкты. Бул санариптик реестрлер төмөнкү даректе жеткиликтүү https://bgir.tunduk.kg/.

 

Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри (ЭБМИ) маалыматтык тутумдар, программалык камсыздоо, программалык-техникалык комплекстер, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестри (БММР) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алардын колдонуудагы маалыматтык системалары жөнүндө актуалдуу маалыматтарды эсепке алуу жана системалаштыруу үчүн арналган.

Эмне үчүн бул санариптик реестрлер иштелип чыкты?

Жогоруда аталган реестрлерди түзүүнүн негизги максаты, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эсепке алуу жана жөнгө салуу үчүн маалыматтык системалардын, программалык камсыздоонун, программалык-техникалык комплекстердин жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлордун бирдиктүү базасын түзүү болуп саналат. Бул реестрлерди киргизүү маалыматтык тутумдарды иштеп чыгууда кайталанууну болтурбоого, сатып алууларды туура пландаштырууга, каражатты акылдуулук менен бөлүштүрүүгө, ошондой эле, өлкөдө IT-технологияларды өнүктүрүү үчүн ачык-айкын жана натыйжалуу саясатты иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Мисалы, система Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында компьютер жана ноутбуктар жөнүндө мүнөздөмөлөрдү автоматтык түрдө чогултуп жана операторго аналитикалык маалыматтарды бере алат. Бул маатыматтарга ээ болуп, компьютердик жабдууларды сатып алуу боюнча чыгымдарды болжолдоп жана акча каражатын алдын ала салууга, инвентаризациялоону өз убагында жүргүзүүгө жана мамлекеттик органды тиешелүү аппараттык камсыздоо менен камсыз кылууга болот.

Жарандар катталган маалыматтык системалар, программалык камсыздоо, аппараттык каражаттар жана ээси мамлекет болуп саналган маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору боюнча актуалдуу маалыматтарды карай алышат.

Азыркы учурда мамлекеттик жана муниципалдык органдар санариптик реестрлерди толтурууга киришишти.

Убакыттын өтүшү менен кошулган мамлекеттик органдардын жана жазуулардын саны көбөйөт, бул өлкөдө санариптештирүүнүн өнүгүүсүнүн ачык-айкын көрүнүшүн берет.

Маалымат үчүн байланыш: +996 (312) 988 123, office@tunduk.gov.kg.