Жаңылыктар

ЭКМПны модернизациялоо алкагында мамлекеттик органдарды окутуу боюнча тренингдер уланууда

Жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын (ККМП) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү алкагында, ошондой эле  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, «Түндүк» мамлекеттик ишканасы жаңы Порталда – portal.tunduk.kg – кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы форматы менен иштөө боюнча мамлекеттик органдарга окутууну өткөрүп жатат.

2020-жылдын 28-сентябрда "Түндүк" МИнин адистерди тарабынан  4 – мамлекеттик органдардын 19 кызматкерлерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун,  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызматкерлерине онлайн-окутуу өткөрүлдү. Бирдиктүү идентификациялоо системасынын (БИС) жана электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы (ЭБМС) өз ара байланышы көрсөтүлдү.

"Түндүк" МИнин адистери тарбынан жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана архитектуралык өзгөчөлүгү, Бирдиктүү идентификациялоо системасы менен өз ара байланышы, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө принциптүү жаңы айырмачылыктары көрсөтүлдү.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кеңешменин жүрүшүндө демилгеленген жана калкка кызмат көрсөтүүгө катышкан бардык мамлекеттик органдар үчүн жүргүзүлүшү керек.

Порталдын жаңы версиясы – бул бир нече мамлекеттик маалымат системалары- бирдиктүү идентификациялоо системасы, электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы, электрондук документ жүгүртүү тутуму, электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы менен интеграциялоо болуп эсептелинет.