Жаңылыктар

ЭКМПны модернизациялоо алкагында мамлекеттик органдарды окутуу боюнча тренингдер уланууда

Жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын (ККМП) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү алкагында, ошондой эле  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, «Түндүк» мамлекеттик ишканасы жаңы Порталда – portal.tunduk.kg – кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы форматы менен иштөө боюнча мамлекеттик органдарга окутууну өткөрүп жатат.
2020-жылдын 29-сентябрда "Түндүк" МИнин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлери электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын колдонуу боюнча онлайн форматта окутулган. Окутуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Экономика министрлигинин жана Юстиция министрлигинин маалыматтык системаларын бирдиктүү идентификациялоо системасы менен интеграциялоо маселелери талкууланды.
"Түндүк" МИнин адистери тарбынан жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана архитектуралык өзгөчөлүгү, Бирдиктүү идентификациялоо системасы менен өз ара байланышы, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө принциптүү жаңы айырмачылыктары көрсөтүлдү.
Порталдын жаңы версиясы – бул бир нече мамлекеттик маалымат системалары- бирдиктүү идентификациялоо системасы, электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы, электрондук документ жүгүртүү тутуму, электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы менен интеграциялоо болуп эсептелинет.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кеңешменин жүрүшүндө демилгеленген жана калкка кызмат көрсөтүүгө катышкан бардык мамлекеттик органдар үчүн жүргүзүлүшү керек.