Жаңылыктар

Дагы 3 мамлекеттик органдын кызматкерлери жаңыланган электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы боюнча окутуудан өтүштү

Жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын (ККМП) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү алкагында, ошондой эле  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, «Түндүк» мамлекеттик ишканасы жаңы Порталда – portal.tunduk.kg – кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы форматы менен иштөө боюнча мамлекеттик органдарга окутууну өткөрүп жатат.

2020-жылдын 30-сентябрда 3 мамлекеттик органдан-Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынан 6 кызматкер окутулган.

"Түндүк" МИнин адистери тарбынан жаңы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана архитектуралык өзгөчөлүгү, Бирдиктүү идентификациялоо системасы менен өз ара байланышы, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө принциптүү жаңы айырмачылыктары көрсөтүлдү.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кеңешменин жүрүшүндө демилгеленген жана калкка кызмат көрсөтүүгө катышкан бардык мамлекеттик органдар үчүн жүргүзүлүшү керек.

Порталдын жаңы версиясы – бул бир нече мамлекеттик маалымат системалары- бирдиктүү идентификациялоо системасы, электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы, электрондук документ жүгүртүү тутуму, электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы менен интеграциялоо болуп эсептелинет.