Жаңылыктар

БШК президенттикке талапкердин соттуулугу барбы, же жокпу, "Түндүк" тутуму аркылуу текшерип чыгат

"Түндүк" тутуму аркылуу БШК президенттикке талапкердин соттуулугу барбы, же жокпу, текшерип чыгат. Бул тууралуу комиссиянын отурумунда айтылды.

Талапкер ошондой эле жеке маалыматтарды текшерүү үчүн макулдук берүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкердин башка жарандыгы бар же жок экендигин аныктай алышы үчүн керек. Бардык керектүү документтерди «Электрондук талапкер» порталында толтурса болот.

Талапкерлер жарышка катышуу үчүн арыздарын 14-ноябрга чейин тапшырышы керек. Бардык керектүү материалдарды, анын ичинде кол коюу барактарын, 6-декабрга чейин тапшыруу керек.

Шайлоо комиссиясы 24.kg маалымат агенттигине билдиргендей, азырынча президенттикке талапкер болууну каалагандардан бир дагы билдирүү келе элек. 25-октябрдан баштап билдирүү берсе болот.

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган, ал конституциялык реформа аяктаганга чейин парламенттин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүүнүн тартибин регламенттештирген.

Шайлоонун убактысы конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен аныкталат.

Бул мыйзам конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Булак: https://24.kg/vlast/171253_tsik_cherez_sistemu_tunduk_proverit_estli_sudimost_ukandidata_vprezidentyi/