Жаңылыктар

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик органдардын жетекчилерине Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында кантип иштөөнү көрсөттү

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн "Түндүк" МИнин мүдүрү Нурия Кутнаева, мүдүрдүн орун басары Азамат Буржуев электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, бирдиктүү идентификациялоо системасын жана электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутумун пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биринчи жетекчилерине онлайн-тренингди өткөрүштү.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын модернизацияланган версиясын иштеп чыккан жана ишке киргизген.

Тренингде порталдын ар кандай мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн, анын ичинде ыкчам режимде калкка 74 акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, электрондук билдирүү системасынын жардамы менен мамлекеттик органдарга жарандардан даттанууларды жана сунуштарды жазуу. 

Мисалдардын бири катары, ички иштер министрлигинин акы төлөнүүчү соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу жөнүндө кызмат көрсөтүүсү көрсөтүлдү, аны 1 күн ичинде электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 191 сом төлөө менен алууга болот. Бул учурда маалымкат жарандын Мамлекеттик порталдагы жеке кабинетине киргизилет.

Портал  "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу алкагында ишке ашырылды, анын негизги максаты мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.