Жаңылыктар

"Түндүк" тутумунун 3 жылдык ишинин жыйынтыгы

"Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму – бул мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле коммерциялык түзүмдөргө автоматтык түрдө электрондук форматта маалымат менен алмашууга мүмкүндүк берген система.

"Түндүк" тутуму коррупцияны кыйла кыскартууга, мамлекеттик бийлик органдарынын өз-ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле маалыматтарды автоматташтырылган түрдө алмашуунун эсебинен жарандар жана ишкерлер үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүүгө арналган.

2019-жылы "Түндүк" тутуму Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну мыкты киргизүү үчүн эл аралык сыйлык менен белгиленген. Бүгүн биз ушул мезгил ичинде негизги жыйынтыктары жана жетишкендиктер менен тааныштыргыбыз келет. Сандар өздөрү көрсөтүп турат!

Булак: https://kaktus.media/doc/425688_itogi_raboty_sistemy_tyndyk_za_3_goda.html