Жаңылыктар

"Түндүк" МИси ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлери үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн Мамлекеттик порталынын иши боюнча тренинг өткөрдү

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн "Түндүк" МИнин мүдүрү Нурия Кутнаева, мүдүрдүн орун басары Азамат Буржуев электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, бирдиктүү идентификациялоо системасын жана электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутумун пайдалануу боюнча Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин кызматкерлери үчүн онлайн-тренинг өткөрүштү.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын модернизацияланган версиясын иштеп чыккан жана ишке киргизген.

Тренингде порталдын ар кандай мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн, анын ичинде ыкчам режимде калкка 82 акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, электрондук билдирүү системасынын жардамы менен мамлекеттик органдарга жарандардан даттанууларды жана сунуштарды жазуу. 

"Биздин эң негизги өнөктөштөрүбүздүн бири болгон ЕККУнун Бишкектеги Программалык Кеңсеси биздин мамлекеттик ишканага гана эмес, башка мамлекеттик органдарга да техникалык көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын электрондук өкмөттү алдыга жылдыруу боюнча жетишкендиктерин көрсөтүү максатында бул окутууну өткөрүүдөбүз" - деп белгиледи Нурия Кутнаева.

Портал  "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу алкагында ишке ашырылды, анын негизги максаты мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.