Жаңылыктар

«Түндүк» мамлекеттик ишканасынын мүдүрү Нурия Асылбековна Кутнаева Биринчи радионун эфиринде - "Актуалдуу сүйлөшүү" программасында маек курду

"Өлкөнү санариптештирүү уланууда…"

Өткөн жуманын аягында Талант Мамытов  Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасына барды.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө санариптештирүү процесстери толук кандуу жүрүүдө жана электрондук башкаруунун азыркы учурдагы инфраструктурасы жарандардын мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетет, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт жана эң башкысы — мамлекеттик реформалардын кыймылдаткычтарынын бири болуп калышы мүмкүн.

Санариптештирүүнүн алкагында кандай аракеттер жасалууда? "Түндүк" системасынын жетишкендиктери кандай? Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы кандай иштейт, бүгүнкү күндө канча кызмат ишке ашырылган? Өлкөнү санариптештирүү эл аралык стандарттарга шайкеш келиши жана өлкөнүн региондоруна чейин санариптештирүү мүмкүндүгүнө жетүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө? Ушул жана башка маселелерди "Актуалдуу сүйлөшүү" программасында талкууланды.

Интервьюну бул шилтеме аркылуу көрсөңуз болот: https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/397480128070721/