Жаңылыктар

Президент "Түндүк" тутуму жөнүндө КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынында эмне деди?

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Жээнбеков белгилегендей коррупция менен күрөшүүнү улантуу зарыл, бул мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын жана чынчылдыгын, кабыл алынган чечимдердин адилеттүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыздайт.

"Ал үчүн башкаруу системасынын иштөө форматын өзгөртүү керек. Биз жаңы технологияларды өздөштүрүү менен башкалардан артта калышыбыз болбойт. Ошондуктан "Түндүк" тутумун тез арада ишке киргизип, "Таза коом" долбоорун  ишке ашыруу бийликтин бардык бутактарынын актуалдуу милдети болуп саналат. Бул биздин түпкү максатыбыз", - деп белгиледи мамлекет башчысы.