"Көп иштер аткарылган, бирок алдыда дагы көп иштер турат. Жарандар 103 мамлекеттик кызматтын 80ден ашыгын ыкчам форматта ала алышат. Башкача айтканда, порталга кирип, ошол заматтf маалымкат алууга мүмкүн. Мисалы: кыймылсыз мүлк жөнүндө, унаа каражаттары жөнүндө, айыл чарба жаныбарлары жөнүндө маалымкат, нике тууралуу күбөлүк. Ошондой эле "балага сүйүнчү" жөлөкпулун алууга же соттолбогондугу тууралуу маалымкатты алууга өтүнүч кат түрүндө берүүгө болот", - деди Кутнаева.