Жаңылыктар

"Түндүк" МИнин адистери жаңы Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында иштөө боюнча окутуу өткөрүүдө

Президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгынын алкагында "Түндүк" МИси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү порталынын жаңы форматына ээ болгон жана модернизацияланган - portal.tunduk.kg- Порталында иштөө боюнча окутуу жүргүзүп жатат.
2021-жылдын 15-февралында "Түндүк" МИнин кызматкерлери Чүй облусунун бир нече айыл округунун жана Кант, Токмок шаарларынын мэрияларынын 40тан ашуун кызматкерлерине онлайн окуу өткөрүштү.
"Түндүк" МИнин адистери жаңы Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталын, анын мүмкүнчүлүктөрүн, бирдиктүү идентификациялоо системасы менен болгон өз ара байланышын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр менен сервистердин принципиалдуу жаңы айырмачылыктарын көрсөтүштү.
Порталдын жаңы версиясы – бул бир нече мамлекеттик маалымат системаларын-бирдиктүү идентификациялоо системасы, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, электрондук документ жүгүртүү тутуму, электрондук төлөмдөр тутуму менен интеграциялоо болуп эсептелинет.
Жакынкы мезгилде башка региондордон кызыкдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн онлайн-окутууларды өткөрүү пландаштырылууда.