Жаңылыктар

"Түндүк" мамлекеттик ишканасынын адистери мамлекеттик кызматкерлерге электрондук кызматтарды көрсөтүү жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын өзгөртүү боюнча тренинг өткөрүштү.

"Түндүк" мамлекеттик ишканасынын адистери мамлекеттик кызматкерлерге электрондук кызматтарды көрсөтүү жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын өзгөртүү боюнча тренинг өткөрүштү.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички жол-жоболорун гана эмес, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын да түп-тамырынан өзгөртүү зарыл. Бирок кантип туура аткаруу керек?

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык 2021-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына жана административдик регламенттерине аларды электрондук форматка которууну эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү, администрациялык жол-жоболорун толук реинжиниринг жүргүзүү аларды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүү жана “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алмашуу жөнүндө тапшырма берилген.  

Буга байланыштуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн кызмат көрсөтүү стандарттарын оптимизациялоого киришти.

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан стандарттарга электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бирдиктүү методологиялык жардам көрсөтүү үчүн иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгып, мамлекеттик органдарга таанышуу үчүн жиберип жана аларды ишке киргизүү үчүн тренинг өткөздү.

Мамлекеттик кызматтар электрондук түрдө көргөзүү үчүн (мисалы, "Түндүк" тутуму аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана аларды электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берүү аркылуу автоматташтыруунун эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин кыскартуу) стандарттарга так кандай өзгөртүүлөр киргизилиши керек жөнүндө адистер тренингде айтып берди. 

Тренингде 60ка жакын мамлекеттик кызматчы катышып, алар стандарттарды оптималдаштыруу боюнча маселелерди жана алардын чечимдерин талкуулашты.