Жаңылыктар

Булуттук электрондук кол тамга эмне үчүн керек?

Булуттук электрондук кол тамга (БЭК) – жеке өз колу менен коюлган кол тамгага теңештирилет.
 
Электрондук кол тамгада адам жөнүндө бардык керектүү маалыматтар сакталып, ага санариптик символдор камтылат.
 
Электрондук кол тамганы колдонуунун артыкчылыктары.
 
Эң негизгиси электрондук кол тамга Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта алууга мүмкүнчүлүк берет. Аны менен маалымкаттарды, документтерди алууга, алтургай юридикалык жактар үчүн ай сайын салык отчетун тапшырууга болот.
 
Булуттук электрондук кол тамганы жакынкы калкты тейлөө борборунан (КТБ) акысыз алууга болот.
 
Ал үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
 
Жакынкы калкты тейлөө борборуна (КТБ) баруу керек;
Жеке жактар үчүн паспорт, юридикалык жактар үчүн катталгандыгы жөнүндө күбөлүк көрсөтүү зарыл;
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү формасын толтуруу кажет;
Электрондук кол тамганын паролун алуу үчүн зарыл болгон электрондук кол тамганы көрсөтүңүз;
Ура! Мынакей эми сиз portal.tunduk.kg сайтына кире аласыз жана электрондук форматта 132 кызмат көрсөтүүдөн пайдалансаңыз болот.
 
Юридикалык жактарга булуттук электрондук кол тамга алуу үчүн керектүү документтердин топтому төмөнкү шилтемеде: https://infocom.kg/ru/pki/
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө төмөнкү шилтеме аркылуу кененирээк тааныша аласыздар: https://portal.tunduk.kg/