Жаңылыктар

Бишкекте Кыргыз-Россия IT-форуму өтүүдө

Бүгүн, 2022-жылдын 9-сентябрында, эки өлкөнүн алдыңкы IT-адистеринин катышуусу менен Кыргыз-Россия IT-форуму өтүп жатат.

Форум Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Россия Федерациясынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен өтүүдө.

Форумга КР санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чынгыз Аманатов катышууда.

Ал өзүнүн баяндамасында "Түндүк" системасынын натыйжалары жана келечеги, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү жана ошондой эле бирдиктүү идентификациялоо тутумунун коопсуздук чаралары жөнүндө кеңири айтып берди.

IT-форумдун жыйынтыгы боюнча кыргыз жана россиялык IT-индустрияларынын ортосунда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.