Жаңылыктар

"Кыргызстандагы санариптештирүүнүн негизги багыттары" конференциясы

Бүгүн, 28-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун катышуусунда "Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакыруулары" аттуу конференциясы болуп өттү.
Конференцияда «Түндүк» МИнин мүдүрү Нурия Кутнаева «Түндүк» тутумунун жыйынтыктары боюнча сандарды айтып, ошондой эле жарандарга бирдиктүү эсеп менен ар кандай порталдарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берген Бирдиктүү идентификациялоо системасын көрсөттү.
"Түндүк" МИнин мүдүрүнүн орун басары Азамат Буржуев электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын бетачарын өткөрүүдө Президент Талант Мамытовго Түндүк мобилдик тиркемесинин жардамы менен бир нече мүнөттүн ичинде мамлекеттик кызматкерлер менен байланышпастан, иштеген жеринен электрондук маалымкат алууга жеке өзүнө сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.