80ден ашуун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жарандар электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу тез ала алышат.
"Көп иштер аткарылган, бирок алдыда дагы көп иштер турат. Жарандар 103 мамлекеттик кызматтын 80ден ашыгын ыкчам форматта ала алышат. Башкача айтканда, порталга кирип, ошол заматтf маалымкат алууга мүмкүн. Мисалы: кыймылсыз мүлк жөнүндө, унаа каражаттары жөнүндө, айыл чарба жаныбарлары жөнүндө маалымкат, нике тууралуу күбөлүк. Ошондой эле "балага сүйүнчү" жөлөкпулун алууга же соттолбогондугу тууралуу маалымкатты алууга өтүнүч кат түрүндө берүүгө болот", - деди Кутнаева.
Кененирээк: https://kg.akipress.org/news:1681853/