Жаңылыктар

Портал аркылуу соттолбогондугу тууралуу маалымкатты кантип алууга болот?

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы онлайн режимде соттолбогондугу жөнүндө маалымкат алууга мүмкүнчүлүк берет.
 
Ал үчүн:
Порталга катталуу керек;
Керектүү мөөнөтү боюнча тандаш керек (1, 3, 7 иш күн);
Маалымкатты алуу жерин көрсөтүү жана телефон номерин терүү зарыл;
«Өтүнмөнү тариздөө» баскычын басуу керек, андан соң маалымкатты алууга арыздын электрондук формасын чыгат;
«Жөнөтүү» баскычын басуу керек, кызмат үчүн акы төлөө жөнүндө маалымат чыгат;
«Улантуу» баскычын басуу менен система төлөм формасын түзөт;
Төлөмгө өтүү керек.
 
Маалымкаттын даярдык абалын төмөнкү кызмат менен көрүүгө болот:
Адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкаттын даярдыгын текшерүү.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири маалымат ала аласыздар: portal.tunduk.kg