Даяр маалымкаттар менен документтерди смартфонуңуздан алсаңыз болот!
 
Бул үчүн сиз Telegram аккаунтуңузду Бирдиктүү идентификациялоо системасына кошуңуз.
 
Telegram-ботко даяр документтер келип турат.
 
 
Ал үчүн:
- portal.tunduk.kg сайтына киресиз;
 
- Сайттагы "Жеке кабинеттен" "Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) кабинетине" өтөсүз;
 
- "Мессенджерлер" бөлүгүнөн "Кошуу" баскычын басасыз;
 
- Көрсөтүлгөн шилтеме менен биздин Telegram-ботубузга өтөсүз же QR-кодду сканерлейсиз;
 
- Бот-чатта "Старт" баскычын басасыз;
 
- Бот сизге Бирдиктүү идентификациялоо системасынын идентификаторун жөнөтөт. Аны төмөн жактагы талаага терип киргизесиз;
 
- Ырастоо коду Telegram-ботко жиберилет;
 
- Кодду ырастоо талаасына киргизесиз.
 
 
Ошентип сиздин Telegram ийгиликтүү кошулат!
 
 
Эми сиз даяр маалымкаттар менен документтерди, ошондой эле бир жолку ПИН-кодду (Жөнөкөй электрондук кол тамга) Telegram аркылуу ала аласыз.
 
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: portal.tunduk.kg